“Эл-Ди-Эс Черитиз” кайрымдуулук фонду өзүнүн долбоорлору менен программаларын ишке ашыруу үчүн төмөнкү мамлекеттик, коомдук уюмдар жана саламаттыкты сактоо мекемелери менен кызматташат:
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги;
- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги;
- “Эл аралык кайрымдуулук корпусунун фонду” коомдук фонду (“Mercy Corps International Foundation”);
- Кыргыз Республикасындагы жардам жана өнүгүү эл аралык Адвентисттик агенттигинин өкүлчүлүгү (АДРА Кыргызстан);
- Кыргыз Республикасынын Неонатологдор ассоциациясы;
- “Акушерлердин кыргыз альянсы” коомдук бирикмеси;
- Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасы, Каракол шаары;
- Бишкек шаарынын мэриясынын алдындагы мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн шаардык реабилитациялык борбор;
- Угуусу начар жана кеч уккан балдар үчүн №21 адистештирилген мектеп-интернаты, Бишкек шаары;
- Көзү азиз жана начар көргөн балдар үчүн атайын жалпы билим берүүчү жатак мектеп, Бишкек шаары.
Фонд турмуштук оор кырдаалда турган адамдарга улуттук жана диний таандыктыгына карабастан жардам көрсөтөт. Муктаж болгондорго берилген жардам алардын өз алдынчалыгын колдоо жана бекемдөө принцибине негизделген.