• Кайрымдуулук фонду Эл-Ди-Эс Черитиз

Бишкектеги үч социалдык мекеме бир гана жабдыктарды эмес, жакшы жашоого реалдуу мүмкүнчүлүк алды – бул “Эл Ди Эс Черитиз” кайрымдуулук фондунун жардамы менен.

Фонддун генералдык директору Дмитрий Цай жана анын кесиптеши Андрей Баженов алар тараптан берилген жардам чындап эле иштеп, адамдардын күнүмдүк жашоосун өзгөртүп жатканына ынануу үчүн ар бир объектке өздөрү келишти.

Сапардын жүрүшүндө, биринчи эле “Үмүт үйү” үй-интернатына баш багышты. Бул жерде 210 карылар жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жашайт. Ар бир күн – бул ондогон тамак-аш порцияларын даярдоо, кароо, камкордук жана кызматкерлердин чоң тобунун эмгеги. Эми алардын карамагында заманбап ашкана бар: өнөр жайлык идиш жуучу машина, электр меши, өнөр жайлык көмөч казан, жашылчаларды тазалоочу жабдык, эт кесүүчү электр араа, камыр жууручу жабдык жана өнөр жайлык үтүк. Мунун баарынын баасы 1,6 миллион сомду чапчыйт.

“Бул чоң салым, – дейт директор Нурлан Галбаев, – Биз тамак-ашты бат, коопсуз жана сапаттуу даярдап калдык, а биздин үйдүн жашоочулары үчүн бул камкордуктун жана ыңгайлуулуктун көбөйүшү болуп саналат”.

Фонддун өкүлдөрү менен бирге мекемеге Бишкек мэриясынын социалдык өнүктүрүү департаментинин директору Айзада Жунусова да келди. Анын айтымында, мындай долбоорлор карылардын жашоо сапатына түздөн-түз таасир этет жана ал улантылышы керек.

Андан ары жол дүлөй балдар үчүн атайын мектеп-интернатын көздөй уланды. Бул жерде 310 бала окуйт, алардын 260ы мектепте туруктуу жашашат. Мектеп-интернаттын кир жуучу жайы үчүн фонд эки өнөр жайлык кир жуугуч машина, эки кургаткыч машина жана үтүктөөчү аппарат берди.

“Бизде төшөнчүлөр ар бир он күндө алмаштырылып, балдардын кийимдери, дасторкондор жана формалар жуулат. Мурда бул көп убакытты алчу иштин түйшүгү азыр бир топ азайды. Бул биздин кир жуучу жайдын жашоосун жүз пайызга жеңилдетти”, — деп билдирди мектептин директору Каныкей Жаманбаева.

Сапардын акыркы чекити майып балдардын «Келечек» реабилитациялык борбору болду.

Бул жерде балдарды дарылоо менен гана чектелбестен, социалдык-педагогикалык ыкмалар менен да жардам беришет, бирок техника дайыма жаңыланып турууну талап кылат. Фонд электрофорез, төмөн жыштыктагы физиотерапия, УВЧ, дарсонвализация аппараттарын, ошондой эле рециркулятор, тоңдургуч камера, эки муздаткыч, кууруучу шкаф жана электр мешин тапшырды.

“Бул биздин мүмкүнчүлүктөрүбүздү кыйла кеңейтип, реабилитациянын сапатын жогорулатты”, — деди борбордун директору Чынаркүл Түмөнбаева.

 

“Биз ар дайым жардам конкреттүү адамдарга канчалык пайдалуу болорун ойлойбуз, — деп белгиледи Дмитрий Цай, — Ооба, бизде бюджеттик чектөөлөр бар, бирок мүмкүн болушунча муктаж болгондорго колдоо көрсөтүүгө жана башкаларды кайрымдуулукка шыктандырууга аракет кылабыз”.

Үч мекемеде тең техника иштеп жатат, ал эми өзгөрүүлөр кызматкерлерге гана эмес, тарбиялануучуларга да байкалууда. “Эл Ди Эс Черитиз” кайрымдуулук – бул бир жолку акция эмес, адамдардын жашоосун коопсуз, ыңгайлуу жана жылуу кылган системалуу иш экенин дагы бир жолу көрсөттү.