• Кайрымдуулук фонду Эл-Ди-Эс Черитиз

2024–2025-жылдары “Эл-Ди-Эс Черитиз” кайрымдуулук фонду негизги күчүн Кыргызстандын саламаттыкты сактоо системасын жана социалдык мекемелерин колдоого жумшады. Фонд маанилүү ооруканаларга жана төрөт үйлөрүнө заманбап медициналык жабдууларды тапшырды, ошондой эле реабилитациялык борборлорду жана майып балдар үчүн мектептерди жабдыды. Бул чаралардын аркасында жыл сайын миңдеген адамдар сапаттуу медициналык жардам жана колдоо ала алышты. Фонддун иши тууралуу кеңири маалыматты анын директору Дмитрий Цай айтып берди.

– Дмитрий, Кыргызстандагы фонддун акыркы жылдардагы иши жөнүндө айтып берсеңиз?

– 2024-жыл биздин ишмердүүлүгүбүздө маанилүү этап болду. Фонддун башкы көңүлү Кыргызстандын саламаттыкты сактоо системасын жабдууларды модернизациялоо, медицина кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу жана алдыңкы технологияларды киргизүү аркылуу колдоого багытталган. Жыйынтыктар биргелешкен аракеттер миңдеген адамдардын жашоосун өзгөртө аларын айтып турат.

Фонд өз ишинин алкагында Бишкек шаардык тез жардам ооруканасынын көз травматология бөлүмүн заманбап жабдуулар менен камсыз кылды. Мекеме жогорку тактыктагы татаал операциялар үчүн хирургиялык микроскоп, операция убактысын кыскартып, бейтаптардын айыгуусун тездетүүчү факоэмульсификатор, ошондой эле татаалдашуу коркунучун азайтуучу стерилизациялоочу машина (автоклав) алды. Натыйжада, операциялар тез, коопсуз жана натыйжалуу өтүүдө.

Төрөт үйлөрү жана перинаталдык борборлоруна фонд жаңы төрөлгөн ымыркайлардын дем алуусун колдоо үчүн 20 СИПАП аппаратын жана ымыркайлардын канындагы кычкылтектин деңгээлин көзөмөлдөө үчүн 35 пульсоксиметрди тапшырды. Жабдуулар Бишкек шаарындагы №2 төрөт үйү жана Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун Перинаталдык борбору, Жалал-Абад облустук төрөт үйү, Баткен облустук ооруканасы, Чүй облустук төрөт үйү жана ооруканасы, ошондой эле Ош шаарындагы Облустук перинаталдык борбор сыяктуу ири мекемелерге бөлүштүрүлдү. Бул чаралар 16%ы ара төрөлгөн ымыркайларга жогорку сапаттагы медициналык жардам көрсөтүүнү камсыз кылды.

2024-жылы “Неонаталдык реанимация”, “Жаңы төрөлгөн ымыркайларга жардам” жана “Балага негизги кам көрүү” багыттары боюнча билим берүү программалары улантылды. Ага 100дөн ашык дарыгер жана неонаталдык медайым, ошондой эле 11 медициналык жогорку окуу жайларынын жана колледждердин 145 окутуучусу, анын ичинде И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медицина академиясы, С.Б. Данияров атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институту, Жогорку медайымдык иш факультети, ошондой эле Бишкек, Кара-Балта, Токмок, Ош, Кызыл-Кыя, Араван, Нарын жана Талас шаарларындагы медициналык колледждер катышты.

– Фонддун ишинин кандай жыйынтыктарын белгилей аласыз? 

– Фонддун ишмердүүлүгүндө олуттуу жыйынтыктар болду: калк сапаттуу медициналык жардамга жетүүдө, алдыңкы технологияларды киргизүү кызматкерлердин квалификациясын жогорулатууга өбөлгө түзүп, бул жашоо сапатын жакшыртып жатат.

– Сиздин көз карашыңызда, 2025-жылы кайсы долбоорлор маанилүү болду? 

– 2025-жылдын августунда Бишкекте жана Жайыл районунда болдук, ошондой эле Караколго бардык. Ал жактарда долбоорлорубуздун натыйжалуулугун бааладык жана биз көрсөткөн жардам адамдардын жашоосун чындап жакшыртып жатканына ынандык. Жабдууларды жана ресурстарды бергенден кийин алардын кантип колдонулуп жатканын көрүү бизге маанилүү.

Ишибизди Бишкектеги кулагы укпаган балдар үчүн адистештирилген мектеп-интернатынан баштадык. Ал жерде 310 бала окуйт, көбү интернатта жашашат. Мектепке кир жуучу жай үчүн өнөр жай техникасын: эки кир жуугуч машина, эки кургаткыч машина жана заманбап үтүктөөчү аппаратты тапшырдык. Андан кийин мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн “Келечек” реабилитациялык борборун бардык, ал жерде бир жылдан бери биз тапшырган физиотерапия үчүн жабдуулар, абаны дезинфекциялоочу рециркулятор, тоңдургуч камера, муздаткыч жана ашкана техникасы колдонулуп келет. Сапарыбызды Жайыл психоневрологиялык стационарында аяктадык, ал жерге күн батареяларын, өнөр жайлык кир жуучу техниканы, суу жылыткычтарды жана мүмкүнчүлүгү чектелген аялдардын эс алуусу үчүн телевизорлорду орнотконбуз.

Ошондой эле 210 карылар жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жашаган “Үмүт үйү” интернатында болдук. Эми мекемеде заманбап ашкана бар: өнөр жайлык идиш жуугуч машина, электр меши, камыр жууругуч, жашылча-жемиштерди жана этти иштетүүчү жабдуулар, өнөр жайлык үтүк бердик. Мунун баары тамак-ашты тез, коопсуз жана сапаттуу даярдоого мүмкүндүк берет, демек, жашоочулардын жашоо шарттарын жакшыртат жана камкордук көбүрөөк көрүлө баштайт. Мындан тышкары, “Эл-Ди-Эс Черитиз” фонду Ак-Суудагы Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын реабилитация бөлүмүнө жардам көрсөттү. Бул борбордо бүт Кыргызстандан келген “балдардын церебралдык шал оорусу” диагнозу менен ооруган балдар дарыланат. Долбоордун алкагында мекемеге 70 жаңы керебет берилди, бул кичинекей бейтаптардын шарттарын жана тейлөө сапатын жакшыртууга мүмкүндүк берет.

– Фонддун миссиясы кандай? 

– Фонддун миссиясы – оор турмуштук кырдаалга кабылган адамдарга жардам берүү. Биз биринчи кезекте керектүү нерселерди гана эмес, жылдар бою кызмат кыла турган, адамдарга ишенимди кайтарып, өнүгүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачкан жабдууларды да беребиз.

– Фонддун келечекке болгон максаттары жана пландары кандай? 

– Кыргызстандагы социалдык мекемелерди жана аялуу катмарларды колдоо боюнча системалуу ишти улантууну пландаштырып жатабыз. Биздин максат – бир жолку акция эмес, адамдардын жашоосун чындап өзгөрткөн узак мөөнөттүү долбоорлор. Ошондой эле жабдууларды жана технологияларды колдонуу мүмкүн болушунча натыйжалуу болушу үчүн персоналды окутабыз.