Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Балдарды реабилитациялоо жана үй-бүлөнү коргоо борборунда мекемени медициналык жана тиричилик жабдыктары менен жабдуу боюнча долбоордун жабылышы болду. Иш чарага “Эл-Ди-ЭС Черитиз”фондунун өкүлдөрү – Роман жана Елена Набатниковдор, Алия Гомерсалл катышты.

Долбоордун алкагында фонд борборго фотолампа жана ымыркайлардагы билирубинди аныктоо үчүн Билитест, мончо-кир жуучу комплекс (өндүрүш кир жуугуч, кийим кургаткыч жана кийим үтүктөөчү машиналар), ошондой эле эки көчмө компьютер тартуулады.

“Биздин жардам балдарга камкордук көрүү сапатын жогорулатып жана ымыркайларга ыңгайлуу шарттарды түзөөрүнө кубанычтабыз”, – деп белгилешти фонддун өкүлдөрү.

Борбордун директору Чолпон Сартбаева фондго колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди жана ушундай демилгелер жетим балдардын ден соолугу жана өнүгүүсү үчүнмаанилүү экенин белгиледи.

“Эл-Ди-ЭС Черитиз” фонду калктын аярлуу катмарын колдоо жана социалдык мекемелерде тарбияланган балдардын шартын жакшыртуу багытындагы социалдык долбоорлорду ишке ашырууну улантууда.