Кыргызстанда “Келечек” реабилитациялык борбору 2,5 жылда өлкөнүн ар бурчунан келген 1800дөн ашуун майыптыгы бар балдарга, анын ичинде церебралдык шал оорусу, аутизм жана Даун синдрому менен ооруган балдарга жардам көрсөттү. Борбордун директору Чынара Туменбаева комплекстүү реабилитация, иштөөнүн заманбап ыкмалары жана “Эл-Ди-Эс Черитиз” фондунун борборду жаңы жабдыктар жана техника менен камсыздаган жардамы тууралуу айтып берди.
– Сиздердин борбордо канча бала жардам ала алышты?
– Статистиканы карасак, 2 жыл жана 6 ай ичинде 1813 бала реабилитациядан өттү. Басымдуу бөлүгү балдардын церебралдык шал оорусун кошо алганда, неврологиялык патологиялары бар балдар. Ошондой эле бизге мээ кан айлануусунун курч бузулушунан жабыркаган, полинейропатияга кабылган, таяныч-кыймыл аппаратынын тубаса аномалиялары, жамбаш муундарынын дисплазиясы жана буттун тубаса аномалиялары бар балдар келишет.
– Аутизми бар балдар тууралуу да айтылды, ушул боюнча кененирээк айтсаңыз?
– 2024-жылдан баштап биз аутизмдин жеңил түрү жана Даун синдрому бар балдарды реабилитациялоону баштадык. Аутизм менен ооруган балдар өзгөчө, алардын социалдашуусу жана реабилитациясы үчүн атайын даярдалган адистер керек. Биз абботерапия, сенсордук интеграция, психологиялык жана тарбиялык жардамды камтыган заманбап ыкмаларды колдонобуз.
– Сиздер өлкөнүн бардык аймактарынан балдарды кабыл аласыздарбы?
– Ооба, биздин борбор республиканын бардык аймактарынан келген 4 жаштан 18 жашка чейинки майыптыгы бар балдарга кызмат көрсөтөт. Алыскы райондордон келген балдар үчүн жатып дарыланууга ылайыктуу, төрт маал тамак-ашы бар стационардык реабилитациябыз бар. Бишкек шаарынан жана анын тегерегинен келген балдар үчүн амбулатордук режим каралган: ата-энелер балдарын 3 сааттык сабакка алып келишет.
– Кандай физиотерапия жана процедуралар көрсөтүлөт?
– Биз магнитотерапияны, электрофорезди, СМТны, ультрадобуштук терапияны, массаждарды жана дарылоочу дене тарбиясын колдонобуз. Бул процедуралар булчуңдарды бошоңдотууга, спастикалык абалды азайтууга жана балдарды андан аркы комплекстүү реабилитация курсуна даярдоого жардам берет.
– Сиздин борбор Кыргызстанда канчалык уникалдуу?
– “Келечек” – Эмгек министрлигине караштуу, мындай типтеги биринчи мамлекеттик борбор болуп саналат. Саламаттыкты сактоо системасында башка мамлекеттик реабилитациялык борборлор бар, бирок биздин борбор көп тармактуу жана заманбап, тажрыйбадан өткөн ыкмаларды колдонот, өлкөбүздүн жана чет өлкөлүк эксперттер менен мастер-класстарды өткөрөт.
– Ата-энелер менен иштөө кандай уюштурулган?
– Биз ата-энелерге реабилитациянын натыйжаларын колдоо үчүн үйдө колдоно ала турган ыкмаларга үйрөтөбүз. Биздин иш-чаралардын негизги максаты – баланын үй-бүлөдө жана коомдо социалдашуусу. Балдардын, ата-энелердин жана адистердин катышуусунда мамлекеттик майрамдарды, маданий жана тематикалык иш-чараларды, “кызыктуу дем алыш күндөрүн” өткөрөбүз.
– Реабилитациялоонун ийгиликтүү мисалдары барбы?
– Ооба, биринчи курска ата-энелери коляскага салып же көтөрүп келген көптөгөн балдар бутуна туруп, өз алдынча кыймылдай башташты. Сүйлөө кемчиликтери бар балдар кыска сүйлөмдөрдү айтууну үйрөнүштү, кээ бирлери, атүгүл ырларды жана эпосторду аткарууга катышууда. Ата-энелер абдан ыраазы жана балдарында байкалаарлык өзгөрүү болуп жатканын айтышат.
– Борбордун ишинде “Эл-Ди-Эс Черитиз” фондунун ролу кандай?
– Бул жылы фонд бизге кошумча реабилитациялык жабдууларды жана өнөр жайлык ашкана техникасын, анын ичинде электрофорез, УВЧ, төмөн жыштыктагы физиотерапия, дарсонвализация аппараттарын, рециркуляторлорду, муздаткычтарды, тоңдургучтарды жана электр мештерин берди. Бул борбордун мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, процедуралардын сапатын жогорулатууга жана аймактардан келген балдар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө көмөктөштү.