• Кайрымдуулук фонду Эл-Ди-Эс Черитиз

Ысык-Көл облустук бириктирилген ооруканасы “Эл-Ди-Эс Черитиз” кайрымдуулук фондунун жардамы менен заманбап медициналык жабдууларды жана балдар реабилитациялык борбору үчүн жабдыктарды алды. Бул аймактагы бейтаптар үчүн медициналык жана социалдык жардамдын сапатын жакшыртууга мүмкүнчүлүк берди. Бул тууралуу медициналык мекеменин директору Камила Асанакунова менен баарлаштык.

– Камила Шамшиевна, “Эл-Ди-Эс Черитиз” фонду менен кызматташуу эмнеден башталган?

– Мен 2022-жылы фондко кат жазгандан кийин, алар бизге доплери бар эхоизилдөө үчүн аппаратты жеткирип беришти. Бул абдан кубанычтуу окуя болгон, анткени облустук ооруканабызда жөнөкөй үлгүдөгү жалгыз эхоаппарат бар болчу. Анан доплер менен эхоаппаратка ээ болдук. Азыркыга чейин аны иштетебиз. Бул үчүн абдан ыраазыбыз.

А жакында фонддон дагы бир жардам – Ак-Суу балдар бөлүмүнө реабилитациялык жабдыктар келди. Бул бөлүмдө ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар реабилитациядан өтүшөт. Кичинекей бейтаптардын жана алардын ата-энелеринин кубанычын сөз менен жеткирүү мүмкүн эмес! Керебеттер жана чоң кубаттуулуктагы парафин жылыткычтары биз үчүн абдан баалуу жана көптөн күткөн белек болуп калды.

– Доплер менен эхоаппараттын жөнөкөй эхоаппараттан кандай айырмасы бар?

– Эхокардиограф – бул жүрөк оорулары бар бейтаптарды текшерүүчү аппарат. Доплердин жардамы менен ал кан тамырлардын абалын ошол замат баалоого мүмкүндүк берет. Ага чейин биз колдонгон Philips-100 аппараты эхокардиограмманы гана көрсөтчү. Биз эч качан кан тамырлардын доплери менен иштеген эмеспиз.

Жабдыктар жеткирилгенден кийин бизге фонддун өкүлдөрү Америкадан келишти.  Бул аппарат Ысык-Көл облусунун тургундарына 2022–2023-жылдары абдан жардам берди жана азыр да бейтаптарыбызга ишенимдүү кызмат кылууда.

– Жүрөк-кан тамыр оорулары “жашарып” кеткени чынбы?

– Тилекке каршы, чын. 90-жылдары Львов медициналык университетинде окуп жүргөнүмдө, инфаркт алтымыш жаштан өткөн адамдарда болушу мүмкүн деп айтылчу. Жакында эле бизге 24 жаштагы, үй-бүлө кура элек жигит кеңири инфаркт менен түштү.

Мындай бейтаптардын көбү буга чейин ковид менен оорушкан. Алар ооруну жеңил формада өткөргөндүктөн, антикоагулянттарды жана антиагреганттарды кабыл алышкан эмес. Мисалы, бизге түшкөн жаш жигиттин гемоглобининин деңгээли абдан жогору болгон (220 г/л) — мындайды биринчи көрүшүм. Бул кандын коюуланышын жана кан тамырлардын жөнгө салынышынын бузулганын билдирет.

– Жүрөк-кан тамыр ооруларынын “жашаруусунун” ковидден башка да себептери барбы?

– Себептери көп. Биринчиден, тукум куучулук. Эгерде ата-энесинде же чоң ата, чоң энесинде жүрөк-кан тамыр оорулары болсо, тобокелдик жогору болот. Экинчиден, тамеки чегүү, алкоголь, энергетикалык ичимдиктерди ичүү. Албетте, экология, тамактануу жана дайыма стрессте болуу дагы таасирин тийгизет. Бүгүнкү жаштар баарын: үйдү да, машина, ийгиликти – бир убакта каалашат. Бул зор психоэмоционалдык чыңалууну жаратат жана жүрөккө сокку урат.

– Ак-Суу реабилитациялык борборун белгилеп кеттиңиз, ошол тууралуу кеңири айтып берсеңиз?

– Жүз орундуу Ак-Суу реабилитациялык борбору церебралдык шал оорусу менен жеңилден оор даражага чейин ооруган балдар үчүн түзүлгөн. Кыргызстандын бардык аймагынан бейтаптар келишет.

“Эл-Ди-Эс Черитиз” фондунун жардамы менен жаңы керебеттерди жана чоң парафин жылыткычын алдык. Мурда парафинди болгону эки литр көлөмдө гана жылытууга мүмкүн болчу. Балдар күтүп, ыйлап, ата-энелер стресс болушчу. Азыр болсо 5–6 литрлик аппарат менен бир убакта отуз балага процедура жасай алабыз. Бул абдан чоң жардам.

Парафин муундарга коюлат, андан кийин массаж жасалат, ошондо муундар кыймылдуу болуп, балдардын кыймылы жакшыра баштайт.

– Фонд ооруканага дагы эмнелерди берди?

– Кардиология бөлүмүнө эхограф, ошондой эле, реабилитациялык борбор үчүн жабдуулар келди. Учурда гинекология бөлүмүнө лапароскопиялык аппарат алып берүү өтүнүчү менен кайрылдым. Биз жаш дарыгерлерди лапароскопия ыкмасын колдонуп, миомаларды, кисталарды, жатынды алып салуу боюнча операцияларды жасоого үйрөтүшүбүз керек. Бул биздин оорукананын бейтаптарына абдан жардам бере турган заманбап, жумшак ыкма.

– Жаш дарыгерлерге жана бейтаптарга эмне айтаар элеңиз?

– Мен муну дайыма кайталайм: жашоодо жагымсыз окуялардын артынан дайыма жакшылыктар келет. Жардам колун сунчу адамдар сөзсүз табылат.