Кыргызстанда 1990-2015-жылдар аралыгында ымыркайлардын өлүмүнүн деңгээли дээрлик 70 пайызга ылдыйлаган, бул дүйнөдөгү эң бир жакшы көрсөткүчтөрдүн бири. Бүгүнкү күндө беш жашка чейинки балдар арасындагы өлүм миң баланын 16сына туура келет, а ымыркайлар арасында 15-16ны түзөт – ылдыйлоо уланууда.
Мындай жакшы жагына өзгөрүүлөрдүн орун алышына “Эл-Ди-Эс Черитиз” кайрымдуулук фонду олуттуу салым кошууда, фонд көп жылдан бери өлкөнүн неонаталдык кызматынын өнүгүшүн колдоп келет. КР Саламаттыкты сактоо министрлиги жана Неонатологдор ассоциациясы менен биргеликте, неонатологдордун квалификациясын жогорулатуу жана төрөт үйлөрүнүн материалдык базасын бекемдөө боюнча масштабдуу долбоорду ишке ашырууда.
СИПАП-аппараттары менен иштөө жана ымыркайлардын дем алуусун жөнгө салууда заманбап ыкмаларды колдонуу боюнча тренингдер долбоордун маанилүү бөлүгүнө айланды, ага өлкөнүн бардык бурчунан медициналык адистер катышты. Тажрыйбалуу реаниматологдор сабак берип, кыргызстандык дарыгерлердин кесиптик деңгээли бийик экенин белгилешти.
Акыркы жылдары фонд Кыргызстандын медициналык мекемелерине СИПАП-аппараттарын, кислородду көзөмөлдөө үчүн мониторлорду, ошондой эле ара төрөлгөн жана оорукчан балдарга кам көрүүдө зарыл болгон дагы башка жабдыктарды тапшырды. Андан сырткары, фонддун жардамы менен ондогон тренингдер жана билим берүү программалары уюштурулган, анын натыйжасында, Кыргызстандын неонатологиясы бүгүнкү күндө дүйнөлүк алдыңкы практиканын деңгээлинде өнүгүүдө.