Бүгүн, 17-ноябрда Ара төрөлгөн ымыркайлардын эл аралык күнү белгиленет. Жыл сайын 18 миллиондон ашуун бала маалына жетпей төрөлөт жана ар бир онунчу ымыркай эрте төрөт тобокелчилигине туш болот. Маалына жетпей төрөлгөн ымыркайлар морт терилүү, алсыз иммунитеттүү жана органдары толук кандуу жетиле элек болгондуктан көбүрөөк жабыркайт. Статистика боюнча, эрте төрөт дүйнө жүзүндө балдар өлүмүнүн негизги себептеринин бири бойдон калууда.
«Эл-Ди-Эс Черитиз» фонду Кыргызстандагы ара төрөлгөн балдар маселеси боюнча активдүү иш алып барууда. Фонддун жардамы менен Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борбору 4 заманбап инкубатор, 4 монитор жана 15 пульсоксиметрге ээ болду. Борбордо жыл сайын 5000ден ашуун төрөт кабыл алынат, реанимация жана интенсивдүү терапия бөлүмүндө күн сайын 10го чейин ара жана өтө ара төрөлгөн ымыркайлар жардам алышат. Берилген жабдуулар эң кичинекей бейтаптардын жашап кетүү жана толук кандуу өнүгүү мүмкүнчүлүгүн бир топ жогорулатат.
«Ара төрөлгөн балдарды колдоонун маанилүүлүгүн ашыра баалоо мүмкүн эмес. Бул медициналык жардам гана болбостон, ошондой эле чоң стресске туруштук берүүгө аргасыз болгон үй-бүлөлөргө психологиялык колдоо», – деп белгилешет борбордун дарыгерлери.
Ара төрөлгөн балдардын эл аралык күнү – бул коомчулуктун көңүлүн аталган көйгөйгө буруу, ата-энелерди жана адистерди колдоо, ошондой эле маалына жетпей төрөлүү өкүм эмес экенин баса белгилөө мүмкүнчүлүгү: көптөгөн ара төрөлгөн балдар дени сак жана ийгиликтүү адамдар болуп чоңоюшат.