Кайрымдуулук тууралуу айтуу жеңил. Ал эми кооз сөздөрдү кошпой, ашыкча көңүл бурдурбай тынч жана үзгүлтүксүз жардам берүү бир топ оор. “Эл-Ди-Эс Черитиз” так ушинтип иштейт. Болгондо да бир катачылыгы айрым учурда бир өмүргө тете болгон тармактарга колдоо көрсөтөт: ымыркайдардын жандандыруу бөлүмдөрүнө, офтальмологиялык операцияларга, интернаттарга жана реабилитациялоо борборлоруна.
2024-2025-жылдары фонд бир топ сезимтал багыттарга күч-аракетин жумшады. Бишкектеги, Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Чүй облустарындагы төрөт үйлөрү жана перинаталдык борборлор 20 СИПАП аппараттарын, 35 пульсоксиметр алышты. Жабдыктар күн сайын иштеп, маалына жетпей, дем алуу жолдорундагы оор кемчиликтери менен төрөлгөн балдарды сактоого салым кошууда. Дарыгерлердин баалоосуна ылайык, бир жыл ичинде жүздөгөн ымыркайларга жардам берилди.
Ага катар адистерди даярдоо иштери жүргүзүлдү. 100дөн ашуун дарыгерлер жана неонаталдык медайымдар, ошондой эле медициналык колледжердин, жогорку окуу жайларынын 145 окутуучусу окуудан өткөрүлдү. Иш-чара АКШдан келген адистердин катышуусу менен Бишкекте, Кара-Балтада, Токмокто, Кызыл-Кыяда, Араванда, Нарында жана Таласта болуп өттү. Бул заманбап техникаларды профессионалдык менен иштетүүнү да жөнгө салды.
Кыргызстандын Неонатологдор ассоциациясынын жетекчиси Сагынбү Абдувалиева:
“2024-жылы орнотулган жабдыктар жана персоналдарды даярдоо иштери жүздөгөн ымыркайлардын өмүрүн сактап калууга жардам берди. Биз натыйжаны күн сайын көрүүдөбүз”, – деп белгиледи.
Ушундай эле жардам офтальмологиялык кызматка да көрсөтүлдү. Бишкектеги Тез жардам ооруканасынын көз бөлүмү хирургиялык микроскоп, факоэмульсификатор жана заманбап стерилдөөчү автоклав алышкан. Жаңы ресурстар операцияны тездетти, тактыгын жогорулатты жана кесепеттер тобокелчилигин азайтты.
Бөлүм башчысы Айгүл Асанова:
“Реалдуу өзгөрүүлөр иш бөлмөлөрдө эмес, операциялык столдо билинет. Биз жыйынтыкка күн сайын күбө болуудабыз”, – деп айтты.
Фонд социалдык мекемелерден да көмөгүн аяган жок. Бишкектеги угуусу начар балдардын мектеп-интернатына өндүрүштүк кир жуугуч жана кургаткыч машиналарды жана үтүктөө системасын орнотту. Ошентип, 310 баланын жашоо-шарты жакшырды.
“Келечек” реабилитациялык борборуна физиотерапиялык жабдуулар, аба рециркуляторлору, тоңдургуч жана ашкана техникасы берилди.
Жайыл психоневрологиялык стационарында күн батареялары, жаңы кир жуугуч техникасы, суу жылыткычтар жана телевизорлор пайда болду.
210 карылар жана майыптыгы бар адамдар жашаган «Үмүт үйү» интернат-үйүнүн ашканасы жаңыланды.
Аймактык медициналык мекемелерге өзгөчө көңүл бурулду. Ысык-Көл облустук ооруканасы жүрөк-кан тамыр ооруларын аныктоо мүмкүнчүлүктөрүн кеңейткен заманбап эхокардиографка ээ болду.
Оорукананын директору Камила Асанакунова:
“Фонд берген аппараттарды АКШдан келген өкүлдөр өздөрү жеткиришкен. Аппараттарды бүгүнкүгө чейин колдонуп келебиз. Ал облустун тургундарына 2022-2023-жылдардан бери жардам берүүдө”, – деди.
Ак-Суудагы реабилитациялык борборуна ДЦП менен жабыркаган балдар өлкөнүн ар бурчунан келип дарылоодон өтүп турушат. Бул борбор 70 атайылаштырылган керебеттерди жана парафин жылытуучу көлөмдүү аппарат алышты.
“Мурда балдар улам кийинки парафиндин ысышын күтүп, чарчап, ыйлашчу, а ата-энелерди бул кыжалат кылчу. Азыр баары тынч жана өз убагында болууда”, – дейт Асанакунова.
Токмоктогу №2 психоневрологиялык социалдык-стационардык мекемесинде күн батареялары орнотулган. Ал оор түрдөгү майыптыгы бар адамдарга камкордук көрүүдө абдан керек болгон ысык суунун үзгүлтүксүз берилишин камсыздоодо. Мындай мекемелер үчүн жылуулукка жана гигиенага жеткиликтүүлүк адамдык кадыр-баркка тең келген маселе болуп саналат.
Фонддун командасы жабдыктарды берүү менен гана чектелбейт. Кызматкерлер мекемелерди кыдырышып, техниканын иштөөсүн текшеришет, пайда болгон көйгөйлөрдү дарыгерлер, жетекчилик жана ата-энелер менен талкуулашат. Бул ыкма кырдаалды реалдуу баалоого жана практикалык натыйжаларга жетүүгө негизделет.
“Эл-Ди-Эс Черитиз” фондунун директору Дмитрий Цай:
“Жабдыктарды берүү – бул башталышы гана. Анын пайдасы тийип жатканына ынанышыбыз керек, ошондуктан кайра барып, кабар алып турабыз”, – деди.
Фонд ишмердүүлүгүн Саламаттыкты сактоо министрлиги, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, ошондой эле Агартуу министрлиги менен өнөктөштүктө жүргүзөт.
Фонддун ишинин жыйынтыгы бир гана отчеттордо эмес, жеринде да көрүнүп турат: маалына жетпей төрөлгөн ымыркайлардын дем алуусун калыбына келтирген реанимацияларда, балдарды кыймылдоого жана сүйлөөгө үйрөткөн реабилитация борборлорунда, карылар таза жана жылуу жашаган интернаттарда.
“Эл-Ди-Эс Черитиз” үчүн жардам – бул күн сайын улануучу жумуш жана жоопкерчилик. Жабдыктарды жеткирип коюу гана маанилүү эмес, ал кандай иштеп жана адамдарга кандай пайда алып келип жатканын кайра барып текшерүү, зарылчылдык жаралса, кайра жардам берүү маанилүү. Башкысы – реалдуу адамдар жана реалдуу өзгөрүүлөр. А бул иш күн сайын уланат.