• Кайрымдуулук фонду Эл-Ди-Эс Черитиз

“Ак ниет” балдарды адаптациялоо борбору “Эл-Ди-Эс Черитиз”  коомдук кайрымдуулук фонду тарабынан ишке ашырылган долбоордун алкагында, 2024-2025-жылдарда жаңы жабдыктарды жана эмеректерди алды. Аталган мекемеде ар кандай турмуштук кырдаалдан жабыркаган балдар убактылуу баш калкалашат, ал эми фонддун мындай колдоосу алардын жашоо-шартын бир топ ыңгайлуу жана коопсуз кылды.

Фонд борборго штангасы бар 8 шкаф, столдор, отургучтар, тумбасы бар ашкана корпусун, ошондой эле эки кабаттуу керебеттерди тапшырды. Анын шарапатынан бөлмөлөр ыңгайлуу жана функционалдуу болуп, балдардын сабакка даярдануу мүмкүнчүлүгү кеңейди.

“Ак ниет” убактылуу баш калкалоочу жайга жана колдоого муктаж болгон балдарды күнү-түнү жана дем алуусуз кабыл алгандыктан, мындай жакшыртуу абдан зарыл болчу. Балдар бул жерде медициналык-социалдык, психологиялык жана педагогикалык жардам алышат. Оор турмуштук абалды башынан кечирген көптөгөн балдар үчүн бул борбор биринчи коопсуз жана туруктуу жайга айланат.

Белгилей кетсек, “Эл-Ди-Эс Черитиз” адамдарга алардын улутуна жана диний ишенимине карабай, бирдей жардам берет. Фонддун ишмердүүлүгү муктаждардын өз алдынчалуулугун жана жашоого болгон туруктуулугун жогорулатууга багытталган колдоо принцибине негизделет.

Оңдоодон өткөрүлгөн “Ак ниет” Кыргызстандагы балдардын жашоосун жакшы жакка өзгөртүү үчүн жасалган иштердин бир мисалы болуп саналат.