• Кайрымдуулук фонду Эл-Ди-Эс Черитиз

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн майыптардын арабасы өз алдынча жашоонун базалык шарты болуп эсептелинет. Ылайыктуу арабасы болбосо адам изоляцияда калат, башка бирөөлөрдүн жардамына толук көз каранды болот.

“Эл-Ди-Эс Черитиз” коомдук кайрымдуулук фонду өз ишин так ушул социалдык колдоо багытына бурду. Фонд ишмердүүлүгүн бир жолку гуманитардык акция катары эмес, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен өнөктөштүктө системалуу жардам катары калыптандырды.

Фонд менен министрликтин биргелешкен программасынын алкагында 600дөн ашуун майыптыгы бар жарандар зарыл болгон реабилитациялык жабдыктарды алышты. Жардам коляска берүү менен гана чектелбей, ар биринин медициналык көрсөтмөлөрүн жана реалдуу муктаждыктарын эске алган бөлүштүрүү процедурасында да көрүндү.

Жардам өлкөнүн бардык аймактарына жетти. Майыптар арабасынын көбү – 232 даана Ош облусуна берилди. Андан кийин Ош шаарындагы – 128 жана Жалал-Абад облусундагы – 109 майыптыгы бар жарандар арабалуу болушту. Ошондой эле Бишкек шаарына – 50, Чүй облусуна – 40, Ысык-Көлгө – 38, Баткенге – 33, Нарынга – 25 жана Талас – 16 даана жөнөтүлдү. Мындай бөлүштүрүү басым борбор калаага эмес, жогору муктаждыктагы аймактарга жасалганын билдирет.

Майыптар коляскалары менен камсыз кылуу боюнча улуттук программа масштабдуу демилге болуп берди. Анын алкагында фонд республикага 700 майыптар коляскасын жана 200 басууга арналган шаймандарды тапшырды.

Маанилүүсү, программа бир гана жабдыктарды берүүнү камтыган эмес. Ага катар дарыгерлер, социалдык кызматкерлер жана техникалык адистер үчүн окутуу курстары уюштурулган жана үч мастер-машыктыруучу даярдалган. Алар учурда аймактарда иштөөсүн улантышууда.

Комплекстүү жардамдын жыйынтыгында 900дөй адам колдоо алышты. Негизги жыйынтыктардын бири -майыптар арабасын бөлүштүрүү эрежелери Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин өзүнчө буйругу менен бекитилди. Чындыгында, бул убактылуу чечимдерден мамлекеттик социалдык колдоо тутумуна киргизилген туруктуу механизмге өтүү болуп саналат.

Фонд жергиликтүү социалдык коргоо башкармалыктарынын кызматкерлерин окутууга өзгөчө басым жасады. Өлкөнүн аймактарында майыптар арабасын туура пайдалануу, жөндөө жана аларга кам көрүү боюнча үч күндүк тренингдер өткөрүлдү. Негизги принцип: техника жөн гана колго берилбестен, адамдынжашоосуна интеграцияланышы – узак, коопсуз кызмат кылып жана ээсинин жеке муктаждыктарына толук жооп бериши керек.

“Эл-Ди-Эс Черитиздин” майыптар арабасы менен камсыздоо жаатындагы иши кайрымдуулуктун чегинен ашты. Ал тең укуктуулук жана өз алдынчалуулук боюнча бир топ кеңейтилген социалдык саясаттын бир бөлүгүнө айланды. Адам ылайыктуу коляскага жана адистердин колдоосуна ээ болгон жерде, мобилдүүлүк өзгөчө көрүнүш болбойт, ал нормага айланат. Фонд мындан ары да дал ушундай натыйжаны беттеп, адамдардын жашоосунун сапатын ырааттуулук менен жакшыртуу үчүн иштөөсүн улантат.