• Кайрымдуулук фонду Эл-Ди-Эс Черитиз

«Эл-Ди-Эс Черитиз» коомдук кайрымдуулук фондунун директору Дмитрий Цай жана долбоорлордун координатору Алия Гомерсалл «Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдар үчүн Сокулук реабилитациялык борбору» республикалык мекемесине, анын инфраструктурасын жаңылоо боюнча аяктаган долбоордун жыйынтыгын баалоо үчүн барышты.

Фонддун жардамы менен 80 баланын жана физикалык жана менталдык жактан жабыркаган 23 жашка чейинки 20 улан-кыздын, жалпысынан 100 тарбиялануучунун жашоо жана реабилитациялоо шарттары жакшыртылды. Тарбиялануучулардын арасында жетимдер жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар бар.

Борбор 1941-жылы курулган мурдагы аскердик госпиталдын имаратында жайгашкан. Анда физиотерапиялык процедуралар, дарылоочу дене тарбия көнүгүүлөрү өткөрүлөт, психологиялык жардам көрсөтүлөт, маданий жана өнүктүрүүчү иш-чаралар уюштурулат. Фонддун долбоорунун алкагында жылытуу системасы толук кандуу модернизацияланды: эскирген жана бузулган үч от казан жылуулукту автоматтык түрдө берүүчү заманбап моделдерге алмаштырылды. Жаңы жабдуулар турак жай корпустарын жана медициналык блокторду туруктуу жана коопсуз жылуулук менен камсыздайт.

Мындан тышкары, “Эл-Ди-Эс Черитиз” мекемени заманбап суу тазалоо системасына өткөрдү жана анын шарапаты менен борбордун бардык аймагында ичүүчү таза суу жеткиликтүү болду. Жашоо бөлмөлөрүнө жылуу килемдер төшөлүп, бул тарбиялануучуларга ыңгайлуулук тартуулады.

Түзүлгөн шарттар реабилитациянын натыйжалуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөт. Жаңыланган инфраструктура балдарга жана жаштарга сапаттуу колдоо көрсөтүүгө гана эмес, ошондой эле өз алдынча жашоого ишенимдүү ыңгайлашууга жардам берет.