“Эл-Ди-Эс Черитиз” кайрымдуулук фонду ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын Сокулук реабилитациялык борборун комплекстүү түрдө жаңылады, жашоочулардын жашоо, дарылануу жана реабилитациялык шарттарын бир топ жакшыртты. Долбоордун алкагында мекемеде жылытуу системасы жаңыланып, автоматтык түрдө отун берүүчү заманбап казандар орнотулду, ичүүчү сууну тазалоо системасы киргизилип, турак жай жана жалпы бөлмөлөр килемдер менен жабдылды. Бул чаралардын аркасында борбордун 100дөн ашык жашоочулары, анын ичинде физикалык жана психикалык жактан майып балдар жана жаштар, жетимдер жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар үчүн ыңгайлуулук жана коопсуздук жогорулады.
1940-жылдары курулган мурдагы аскердик госпиталдын имаратында жайгашкан борбор реабилитациялык кызматтардын сапатына түздөн-түз таасир эткен инфраструктуралык жакшыртууларга ээ болду.
Фонддун өкүлдөрү долбоор турмуш-тиричилик шарттарын жакшыртууга гана эмес, дарылануучулардын социалдык жактан эффективдүү адаптацияланышын негиздегенчөйрөнү түзүүгө да багытталганын белгилешет.
Сокулук реабилитациялык борборунун директору Бурул Туманова менен маек.
– “Эл-Ди-Эс Черитиз” фонду менен канча убакыттан бери кызматташуудасыз?
– Фонд менен 2016-жылдан бери таанышпыз. Ал учурда Токмок психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинде иштечүмүн, ал жерде “Эл-Ди-Эс Черитиз” бир катар абдан пайдалуу долбоорлорду ишке ашырган. Мисалы, алма бактарын отургузуу, эмерек менен камсыздоо, жумшак жана катуу инвентарь менен камсыздоо. Ошондой эле алар бардык имараттарды толугу менен килемдер менен жабдышкан. Уктоочу корпустарга, мончого жана ашканага сууну жылытуу үчүн күн батареяларын орнотушканын өзгөчө белгилегим келет. Бул дайыма ысык суу болушуна жана электр энергиясын үнөмдөөгө мүмкүндүк берди.
– Сокулук борборун качан жетектегенден кийин бул жакта да фонд менен кантип кызматташа баштадыңыз?
– 2025-жылдын 3-мартында Сокулук реабилитациялык борборунун директору болуп дайындалдым. Биз дароо эле ” Эл-Ди-Эс Черитиз” фонду менен кызматташа баштадык. Борбордун имараты 1940-жылдары курулган, эски. Мурда бөлмөлөрдө жана коридорлордо килем жок болчу, ал эми кыймылы чектелген балдар көп. Фонддун жардамы менен бардык бөлмөлөр жана коридорлор килем менен жабдылды. Бул жылуулук жана ыңгайлуулук тартуулап, жашоо шартты кыйла жакшыртты.
– Фонддун колдоосу менен дагы кандай өзгөрүүлөр болду?
– Маанилүү багыттардын бири – суу менен камсыздоо системасы. Мурда биздин камкордугубуздагылар 100 метрдей тереңдиктеги скважинадан сууну кошумча тазалоосуз эле түз колдонушчу. Эми борбордун беш жеринде фильтрация системасы орнотулуп, балдар таза ичүүчү сууга жеткиликтүү болушту.
Ошондой эле жылытуу системасы дагы модернизацияланды. Эскилиги жеткен кот казандар заманбап автоматташтырылган от казандарга алмаштырылды. Мунун аркасында кышында бөлмөлөр кыйла жылуу болуп, персоналдын, өзгөчө от жагуучулардын иши жеңилдеп, коопсуздук жогорулады.
– Бул өзгөрүүлөр тарбиялануучулардын күнүмдүк жашоосуна кандай таасир этти?
– Абдан чоң. Борбордо 4 жаштан 22 жашка чейинки ар кандай психоневрологиялык диагнозу бар балдар жана жаштар жашашат. Бизде реабилитациялык жана абилитациялык сабактар өткөрүлөт, анын ичинде дарылоочу дене тарбия, физиотерапия, психологиялык жардам көрсөтүлөт.
Түзүлгөн шарттар жашоонун сапатына түздөн-түз таасир этет. Балдар өздөрүн ыңгайлуу сезишет, жакшыраак адаптацияланышат, аларга өзүн-өзү тейлөөдөн баштап майда моториканы жана окуу көндүмдөрүн өнүктүрүүгө чейинки негизги көндүмдөрдү үйрөнүүгө көбүрөөк мүмкүнчүлүктөр пайда болот.
– Азыркы учурда иштин кайсы багыттары артыкчылыктуу болуп саналат?
– Биринчи кезекте – комплекстүү реабилитация. Бизде ЛФК кабинеттери, физиотерапия, адистер өзүн-өзү тейлөө көндүмдөрүн өнүктүрүү менен алектенишет: балдар кашык кармоону, тиш тазалоону, жазууну, сүрөт тартууну үйрөнүшөт.
Инфраструктуранын жакшыртылышы сабактарды эффективдүү өткөрүүгө жана ар бир тарбиялануучуга көбүрөөк көңүл бурууга мүмкүндүк берет. Бул алардын мындан аркы социалдашуусуна жана өз алдынча жашоого ыңгайлашуу мүмкүнчүлүгүнө түздөн-түз таасирин тийгизет.