Кыргызстанда 15 жылдан ашык убакыттан бери неонаталдык жардамдын сапатын жогорулатуу боюнча масштабдуу долбоор ишке ашырылып келет. Кыргыз Республикасынын Неонатологдор ассоциациясы Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги менен биргеликте “Эл-Ди-Эс Черитиз” фондунун колдоосу аркылуу өлкөнүн бардык аймактарынан келген медициналык персонал үчүн практикалык тренинг кайрадан өткөрдү.
Ондогон неонаталдык медайымдар жана дарыгерлер борборго келип, ал жерде жаңы төрөлгөн ымыркайларды СИПАП технологиясын колдонуу менен дем алдыруу боюнча окуудан өтүштү. Сабактар практикалык мүнөздө болду: адистер симуляцияларда көндүмдөрдү иштеп чыгышты, командада иштөөнү жана кризистик кырдаалдарда, башкача айтканда, бала өмүрүнүн алгачкы секундаларында дем албай калганда аракеттенүү алгоритмдерин үйрөнүштү.
Тренинг неонаталдык реанимацияда 40 жылдан ашык тажрыйбасы бар эл аралык эксперттер тарабынан өткөрүлдү. Фонддун өкүлдөрүнүн айтымында, мындай формат медиктерге реалдуу практикада тезирээк жана ишенимдүү иш-аракет кылууга мүмкүндүк берет.

Неонатологдор ассоциациясынын аткаруучу директору Сагын Абдувалиева белгилегендей, фонд менен кызматташуу өлкөдөгү перинаталдык медицинанын өнүгүшүнүн негизги фактору болуп калды.
«Дал ушул өнөктөштөрдүн колдоосу менен 2009-жылы Кыргызстанда жаңы төрөлгөн ымыркайларды алгачкы реанимациялоо программасы киргизилген. Ал бүгүнкү күндө райондон республикалык деңгээлге чейинки бардык төрөт стационарларында колдонулууда», – деди ал.

«Эл-Ди-Эс Черитиз» окутуудан тышкары өлкө боюнча төрөт үйлөрүн жабдууга жардам берет. Буга чейин медициналык мекемелерге 20 СИПАП аппараты, 35 пульсоксиметр, 200 реанимациялык комплект жана башка өтө маанилүү жабдуулар тапшырылган. Техника эң чоң жүк түшкөн мекемелерге: Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Баткен шаарларындагы, Чүй облусундагы төрөт үйлөрүнө жана Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна бөлүштүрүлгөн.
Долбоордун учурдагы этабынын алкагында, саламаттыкты сактоо системасынын бардык деңгээлине дагы 50 СИПАП аппаратын жеткирүү пландаштырылууда.
Долбоордун координатору Алия Гомерсаллдын айтымында, жабдуулар активдүү пайдаланылууда, ал эми окуудан өткөн адистер жаңы ыкмаларды ишенимдүү колдонуп жатышат. Медиктердин белгилешинче, азыр дем алуу жетишсиздиги бар жаңы төрөлгөн ымыркайлардын абалын тез арада турукташтырууга мүмкүн болуп калды. Жашап кетүү мүмкүнчүлүгү өтө төмөн болуп төрөлгөн ымыркайларды өз убагында көрсөтүлгөн жардамдын жана заманбап технологиялардын аркасында сактап калууга мүмкүн болгон учурлар катталды.
Долбоор саламаттыкты сактоо тармагындагы эң маанилүү долбоорлордун бири бойдон калууда: ал окутууну, жабдууну жана практикалык даярдыкты бириктирип, түздөн-түз ымыркайлардын өлүмүн азайтууга жана өлкөдө медициналык жардамдын сапатын жогорулатууга таасир этет.

