• Кайрымдуулук фонду Эл-Ди-Эс Черитиз

“Эл-Ди-Эс Черитиз” коомдук кайрымдуулук фонду Жалал-Абад облустук ооруканасында төрөт үйлөрүнүн дарыгерлери жана медайымдары үчүн тренинг өткөрдү. Медицина кызматкерлери дем алуу жетишсиздиги менен төрөлгөн ымыркайларга жардам берүүгө арналган заманбап жабдуулар – Бабл-СИПАП аппараттары менен иштөөнү үйрөнүштү.

Жаңы төрөлгөн балдардын өпкөсүн инвазивсиз желдетүү программасынын алкагында фонд өлкөнүн медициналык мекемелерине дагы 50 Бабл-СИПАП аппаратын берген.

Окутууну респиратордук медицина боюнча эл аралык эксперттер өткөрүштү.

Тренингдердин теориялык жана практикалык бөлүктөрү аяктагандан кийин фонддун өкүлдөрү дарыгерлери окуудан өткөн ооруканаларга барышты. Алар: Жалал-Абад облусунун Сузак райондук ооруканасы, Ош облусунун Ноокат райондук ооруханасы жана Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык ооруканасы.

Окутуунун максаты – алган билимин практикада бекемдөө, жабдууларды туура колдонууну текшерүү жана медициналык кызматкерлердин суроолоруна жооп берүү. Кайсы учурларда аппаратты колдонууга, аны кантип туура туташтырууга жана ымыркайдын абалын кантип көзөмөлдөөгө өзгөчө көңүл бурулган.

“Эл-Ди-Эс Черитиз” долбоорунун координатору Алия Гомерсалл белгилегендей, окуудан кийин адистердин жер-жерлерге баруусу жабдууларды өткөрүп берүүгө гана эмес, ал дарыгерлер менен неонаталдык медайымдар тарабынан ишенимдүү өздөштүрүлүшүнө да шарт түзөт.

Ушундай эле иш-чаралар 13-апрелден 21-апрелге чейин Бишкек жана Ош шаарларында өткөн.

Тренингдин катышуучуларынын айтымында, сабактар татаал клиникалык учурларды чечүүгө жардам берди.

Окууну аяктаган медицина кызматкерлерине Бабл-СИПАП аппараттарын колдонуу боюнча сертификаттар тапшырылды.

Тренингдерди “Эл-Ди-Эс Черитиз” фонду Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги жана Кыргызстандын неонатологдор ассоциациясы менен биргеликте уюштурду.

Буга чейин фонд өлкөдөгү ооруканаларга 20 СИПАП аппаратын, 35 пульсоксиметрди, 200 реанимациялык аппаратты, 20 окуу сумкасын жана  жаңы төрөлгөн ымыркайлар үчүн 200 соргучтарды тапшырган.