• Кайрымдуулук фонду Эл-Ди-Эс Черитиз

 

Жыл башынан бери «Эл-Ди-Эс Черитиз» коомдук кайрымдуулук фонду Кыргызстанда неонаталдык кызматты колдоо боюнча масштабдуу программаны ишке ашырды. Бул программа заманбап медициналык жабдууларды жеткирүүнү жана адистерди окутууну камтыйт. Бишкек, Ош жана Манас шаарларында жүздөгөн дарыгерлер жана медайымдар катышкан Бабл-СИПАП аппараттарын жана ымыркайларды алгачкы реанимациялоо боюнча тренингдер өттү. «Жабдуу + окутуу» делген  комплекстүү колдоонун шарапаты менен  медициналык мекемелер жаңы техникалуу гана болбостон, аларды колдонуу боюнча практикалык көндүмдөргө да ээ болушту.

Фонддун директору Дмитрий Цай жыйынтыктар, фонд эмне үчүн регионалдык инструкторлорду даярдоого басым жасагандыгы жана жыл аягына чейин кандай долбоорлор пландалып жатканы тууралуу айтып берди.

– 2026-жылы апрель жана май айларында “Эл-Ди-Эс Черитиз” кайрымдуулук фонду Кыргызстанда тренингдер сериясын уюштурду. Фонд мындай иш-чараны Бишкекте, Ошто жана Манаста өткөрүү менен кандай негизги максатты жүзөгө ашырды? Эмнеге аталган шаарларга токтолдуңуздар? 

Өлкө боюнча неонаталдык  жардамдын сапатын жогорулатуу, анын ичинде ымыркайларды жасалма дем алдыруу жана реанимациялоонун заманбап ыкмалары боюнча медицина кызматкерлерин практикалык окутуу башкы милдет болгон. Биз ымыркайлардын өлүмүн жана жашоонун алгачкы мүнөттөрүндөгү кыйынчылыктарды түздөн-түз азайтуучу көндүмдөрдү берүүгө басым жасадык.

Бишкек эң чоң жүктөмү жана өлкө боюнча адистерди камтуу мүмкүнчүлүгү бар улуттук борбор катары тандалды;

Ош жана Жалал-Абад жогорку төрөт көрсөткүчү бар негизги аймактык борборлор катары тандалды.

Бул каскаддык эффектти жаратууга мүмкүндүк берет, окуудан өткөн тренерлер жана дарыгерлер андан ары райондордо билимдерин жайылтышат.

– Эмнеге апрелде Бабл-СИПАП аппараттары менен иштөөнү окутууга басым жасалды, а май айында алгачкы реанимациялоо боюнча тренерлерге тренинг өткөрүүгө көңүл бурулду. Бул бир программа беле же ар башка долбоорлорбу?

Бул неонаталдык жардамды жакшыртуу боюнча логикалык этаптарга бөлүнгөн бирдиктүү комплекстүү программа. Апрель айында инвазивдик эмес дем алууну колдоого (Бабл-СИПАП) көңүл бурдук, анткени фонд аппараттарды жеткирди, аларды колдонууга персоналды дароо үйрөтүү зарыл болду. Окутуусуз жабдуулар пайдасын толук тийгизбейт.

Майда алгачкы реанимация боюнча инструкторлорду даярдоого өттүк – бул кийинки баскыч: региондордо өз алдынча окутууларды өткөрө ала турган жергиликтүү инструкторлорду даярдоо. Ошентип, бир жолку тренингдерди эмес, туруктуу системаны куруп жатабыз. Эки этап бири-бирин толуктап, жеткирилген жабдуулар менен байланышта иштейт.

Форматы, тереңдиги жана жыйынтыктоочу максаты боюнча апрелдеги тренингдер менен майдагы тренингдердин кандай айырмасы бар? Ар бир учурда кимдер угуучулар болушту?

  Апрель айындагы окуулар – бул конкреттүү жабдуулар (Бабл-СИПАП) менен иштөө боюнча практикалык тренингдер. Форматы: симуляциялар менен интенсивдүү сабактар, аймактарга (Бишкек, Ош, Жалал-Абад) саякаттар. Угуучулар – төрөт үйлөрүнүн дарыгерлери жана медайымдары, ымыркайлар менен түздөн-түз иштегендер. Максаты – жабдууларды жана респиратордук колдоо алгоритмдерин тез өздөштүрүү.

Май айындагы окуулар – бул алгачкы реанимация боюнча инструкторлор үчүн тереңирээк тренинг (Бишкекте 5 күн + Жалал-Абадда уландысы). Форматы: окутуу методикасына, симуляциялык сценарийлерге, командалык иштөөгө жана аттестацияга басым жасоо менен инструкторлорду даярдоо. Угуучулар – тажрыйбалуу неонатологдор, акушерлер, келечектеги аймактык инструкторлор. Максаты – узак мөөнөттүү натыйжа үчүн жергиликтүү эксперттер тармагын түзүү.

Жазындагы бардык иш-чаралардан кийин конкреттүү натыйжалар болуп жатабы?

Натыйжалар азыртан эле байкала баштады. Жүздөгөн адистер окуудан өтүштү, кызматкерлер өзгөчө кырдаалдарда ишенимдүү болуп калышты, командалык өз ара аракеттенүү жакшырды. Бабл-СИПАП аппараттарын өз убагында колдонуунун аркасында оор дем алуу жетишсиздиги бар ымыркайларды ийгиликтүү сактап калуу учурлары катталды.

Медиктер балдардын турукташуусунун тездешин жана тобокелдиктердин азайышын белгилешет. Кошумчалай кетсек, аймактарда каскаддык окутуу үчүн база түзүлдү. Жалпысынан алганда, жабдууларды алган жана окуудан өткөн мекемелерде жардамдын сапатынын реалдуу жакшырганын көрүп жатабыз.

Окутуудан тышкары фонд Бабл-СИПАП-аппараттарын, пульсоксиметрлерди жана башка жабдууларды өлкөнүн төрөт үйлөрүнө тапшырды. Сиз “жабдуу+окутуу” байланышын кандай баалайсыз?

Биздин ишибиздин негизги принциби: окуусуз жабдуулар анча натыйжалуу эмес, ал эми техникасыз окуу теория бойдон калат. Мындай ыкманын жардамы менен дарыгерлер берилген жабдуулар менен кантип иштөөнү гана үйрөнүшпөстөн, аны практикада ишенимдүү колдонушат, бул өмүрлөрдү сактап калууга түздөн-түз себепчи болот. Мындай комплекстүү колдоо аймактарда саламаттыкты сактоону өнүктүрүүнүн эң туруктуу жолу болуп саналат.

Сиздин көз карашыңызда эмне кыйын болду: батыш эксперттеринин келүүсүн уюштуруу, россиялык борбор менен кызматташтыкты жөнгө салуу же аймактардагы туруктуу натыйжага жетишүү?

Эң татаалы – аймактарда туруктуу натыйжага жетүү. Эксперттердин келиши жана өнөктөштүк мамилелерди түзүү Саламаттыкты сактоо министрлиги жана Неонатологдор ассоциациясынын жакшы байланышынын негизинде чечилүүчү маселелер. Ал эми алыскы аймактарда көндүмдөрдү сактап калуу, жабдууларды үзгүлтүксүз колдонууну камсыздоо жана мотивацияны колдоо – бул туруктуу иш. Мына ошондуктан биз инструкторлорду даярдоого жана көчмө сабактарды өткөрүүгө басым жасайбыз.

2026-жылдын аягына чейин фонд тарабынан кандай кийинки кадамдар пландаштырылган? Тренингдер улантылабы, төрөт үйлөрүнө, перинаталдык борборлорго керектүү аппараттар жеткирилеби жана окуудан өткөн адистерге колдоо көрсөтүлөбү?

Саламаттыкты сактоо министрлиги жана Неонатологдор ассоциациясы менен мындан ары да кызматташууну пландап жатабыз. Биз жаңы өнөктөштүктөргө ачыкпыз жана узак мөөнөттүү системалуу натыйжаларга умтулабыз.