administrator – Эл-Ди-Эс Черитиз

“Эл-Ди-Эс Черитиз” Чүй облусундагы интернаттарды сууну күн энергиясы менен ысытуучу системалар менен жабдыды
“Эл-Ди-Эс Черитиз” кайрымдуулук фонду Чүй облусунда эки социалдык маанилүү долбоорду ишке ашырып, Токмок жана Жайыл районундагы психоневрологиялык интернаттарга күн энергиясы менен суу жылытуу системаларын орнотту.

2023-жылдын июль айында Токмок шаарындагы №2 психоневрологиялык стационарда жаңы система ишке киргизилген. Буга чейин 250 адамга ылайыкталган мекеме эскирген электр бойлерлеринен улам ысык суунун жетишсиздигинен жапа чегип келген. Фонд жалпы көлөмү 1000 литрге чейинки алты күн коллекторун орнотуп, турак жай корпустарын, мончону жана ашкананы ысык суу менен камсыз кылган. Долбоордун координатору Алия Гомерсалл бул Кыргызстандын социалдык секторуна “жашыл” технологияларды киргизүүнүн алгачкы мисалдарынын бири экенин баса белгиледи.

2025-жылдын августунда долбоор 250 аял жашаган Жайыл психоневрологиялык интернатында ишке ашырылган. Уктоочу корпус жана мончо үчүн күн батареяларын орнотуудан тышкары, фонд мекемеге 14 электр суу жылыткычты, кесипкөй кир жуучу жабдууларды (кир жана кургаткыч машиналар, үтүк) жана эс алуучу бөлмөлөргө сыналгыларды тапшырды.

“Бул жабдуулар бизге турмуш-тиричилик шарттарын олуттуу жакшыртууга жана камкордукка муктаж болгондорго көрсөтүлгөн жардамдын сапатын жогорулатууга мүмкүндүк берет”, – деп белгиледи мекеменин директору Айзада Асанова.

“Эл-Ди-Эс Черитиздин” тажрыйбасы социалдык объектилерде кайра жаралуучу энергия булактарын пайдалануунун натыйжалуулугун далилдейт. Күн системалары гигиена жана кир жуу үчүн ысык суунун негизги муктаждыгын канааттандыруу менен гана чектелбестен, персоналдын күнүмдүк ишин бир кыйла жеңилдетип, өзгөчө камкордукка муктаж адамдар үчүн жагымдуу чөйрөнү түзөт.

Бир гана жабдуулар эмес: “Эл-Ди-Эс Черитиз” Кыргызстанда ымыркайларга жардам берүү системасын кантип өзгөртүүдө
Неонатологияда баланын жашап кетишин алгачкы мүнөттөр чечет. Бирок бул мүнөттөрдү натыйжалуу пайдалануучу системаны түзүү көп жылдарды талап кылат. Кыргызстанда “Эл-Ди-Эс Черитиз” фондунун иштөө тарыхы кайрымдуулук техниканы өткөрүп берүү менен эле чектелбей, саламаттыкты сактоого узак мөөнөттүү инвестицияга айланышы мүмкүн экенин көрсөтөт.

“Эл-Ди-Эс Черитиз” долбоорлору Кыргызстанда 2004-жылдан баштап ишке ашырыла баштаган, ал эми 2018-жылы фонд расмий катталган. Эң узакка созулган багыттарынын бири Кыргызстандын неонатологдор ассоциациясы менен кызматташуу болуп, ал 2009-жылы башталган. Бул ымыркайларды алгачкы реанимациялоону, баланы багууну жана төрөт учурунда аялдар үчүн шашылыш жардамды камтыган.

Бул моделдин негизги өзгөчөлүгү үч элементти бириктирүү болуп саналат: жабдуу, практикалык окутуу жана кийинки билимди өткөрүп берүү. Аппараттын өзү эле баланы сактап калууга кепилдик бербейт. Медициналык кызматкер баланын абалын тез баалап, техниканы туура туташтырып, команда менен биргеликте аракеттениши керек. Ошондуктан, фонд акырындык менен бир жолку тренингдерден жергиликтүү окутуучуларды жана улуттук тренерлерди даярдоого басым жасады.

2023-жылы жаңы төрөлгөндөрдү реанимациялоо боюнча сегиз тренер кайрадан даярдалды. Окутуу 850 дарыгерди, медайымды, акушерканы жана студентти камтыды, ал эми адистер беш аймактагы 31 төрөт үйүнө барышты. Медициналык мекемелерге 150 окуу китеби, Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна төрт инкубатор, төрт монитор жана 15 пульсоксиметр тапшырылды.

2024-жылы программанын географиясы жана техникалык базасы кеңейтилди. Төрөт үйлөрү жана перинаталдык борборлор 20 СИПАП аппараты жана 35 пульсоксиметр алышты. Фонддун маалыматы боюнча, бул жабдуулар менен камсыздалган мекемелер жыл сайын 38 миңден ашык ымыркайга жардам көрсөтүшөт. 100дөн ашык дарыгер жана неонаталдык медайымдар, ошондой эле 11 медициналык жогорку окуу жайларынын жана колледждердин 145 окутуучусу билим берүү программаларынан өтүштү.

2025–2026-жылдары “Эл-Ди-Эс Черитиз” Бабл-СИПАП аппараттары менен иштөө жана алгачкы реанимация көндүмдөрү боюнча медиктерди окутууну улантты. Тренингдер Бишкек, Ош, Жалал-Абад жана Манаста өттү. Алгач адистер практикалык көндүмдөрүн бекемдеп, андан соң кесиптештери үчүн окутуу методикасын өздөштүрүштү. Каскаддык система ири борборлордон райондук төрөт үйлөрүнө билимди жайылтууга мүмкүндүк берет жана программанын чет элдик эксперттердин тез-тез келишинен көз карандылыгын азайтат.

Неонатология саламаттыкты сактоонун кеңири колдоо системасынын бир бөлүгү болуп калды. Бишкек шаардык тез жардам ооруканасында фонд көз жаракаттары бөлүмүн хирургиялык микроскоп, факоэмульсификатор жана автоклав менен жабдыды. Мекеме Бишкек жана Чүй облусунун бир бөлүгүнөн келген бейтаптарды тейлейт. Бөлүмдө жыл сайын 2,5 миңге жакын операция жасалат.

Фонд ошондой эле Каракол, Ош, Баткен, Жалал-Абад жана Чүй облусунун ооруканаларына жардам берип, пандемия учурунда медиктерге жеке коргонуу каражаттарын тапшырган.

Бул иштин негизги жыйынтыгы жөн гана берилген аппараттардын санында эмес. Өлкөдө акырындык менен башкаларды окутууга, жабдууларды колдонууну контролдоого жана жардамдын бирдиктүү стандарттарын сактоого жөндөмдүү адистердин кесиптик тармагы түзүлүүдө.

Ошол эле учурда, ачык жарыяланган материалдарда ымыркайлардын өлүмүнүн динамикасын, берилген техниканын иштөө абалын жана ар бир мекеменин бир нече жыл ичиндеги жыйынтыктарын чагылдырган бирдиктүү көз карандысыз изилдөө азырынча жок. Натыйжалуулукту толук баалоо үчүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин салыштырмалуу статистикасы талап кылынат. Бирок буга чейин жарыяланган маалыматтар көрсөткөндөй: фонд бир жолку кайрымдуулук жардамдан саламаттыкты сактоо системасын жалпысынан бекемдөөчү моделге өткөн.

Кыргызстандын социалдык мекемелелерине фонд кантип жардам берүүдө
Социалдык жардам азык-түлүк, кийим-кече же акчалай төлөмдөр менен эле чектелбейт. Айрым учурда эски кир жуугуч машинаны алмаштыруу, интернатты ысык суу менен камсыз кылуу же узакка созулган реабилитация үчүн керек керебет коюу маанилүү болот. Так ушундай маселелерди Кыргызстанда «Эл-Ди-Эс Черитиз» коомдук кайрымдуулук фонду чечип келет.

Буга айкын мисал – Бишкектеги азиз жана көрүүсү начар балдар үчүн атайын жалпы билим берүүчү мектеп-интернатына көрсөтүлгөн жардам. Жергиликтүү кир жуучу жайда көптөн бери советтик мезгилден калган жабдуулар колдонулуп келген. Фонд мекемеге кир жуугуч жана кургаткыч машиналарды, үтүктөө системасын, керебеттерди жана төшөнчүлөрдү тапшырды.

Интернатта 228 бала тарбияланат. Алардын 110у Брайль системасы менен окуйт жана жазат. Тарбиялануучулардын арасында жетимдер, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары жана алыскы райондордон келгендер бар. Оңдолуп-түзүлгөн кир жуучу жай, таза шейшептер жана ыңгайлуу керебеттер алардын жашоосу жана окуусу үчүн зарыл шарттар болуп саналат.

250 адам жашаган Токмок психоневрологиялык интернатынын алты корпусуна күн суу жылыткыч системасы орнотулду. Техника ишке киргизилгенден кийин мекеменин электр энергиясына кеткен чыгымдары 70 пайызга кыскарды. Ысык суу менен камсыздоодо электр энергиясына болгон көз карандылык азайды. Жабдуулар күн сайын колдонулат, ошондуктан интернат каражатты туруктуу үнөмдөп, үнөмдөлгөн ресурстарды башка муктаждыктарга багыттай алат.

Өлкөнүн башка социалдык объектилери да жаңы техника алышты. «Эл-Ди-Эс Черитиз» угуусу начар балдар үчүн атайын жалпы билим берүүчү мектеп-интернатына өнөр жайлык кир жуугуч жана кургаткыч машиналар, ошондой эле үтүктөөчү жабдууларды берди.

«Келечек» майып балдарды реабилитациялоо борбору физиотерапиялык аппараттар жана тиричилик техникалары менен толукталды.

Жайыл психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесине күн панелдери, суу жылыткычтар жана кир жуучу жабдуулар тапшырылды.

210 адам жашаган “Үмүт үйү” карылар жана майыптардын социалдык-стационардык мекемеси өнөр жай ашкана техникасын алды. Эми кызматкерлерге күн сайын мекеменин көп сандаган жашоочулары үчүн тамак даярдоо жеңилдеди.

Ак-Суудагы Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын реабилитациялык бөлүмүнө 70 керебет берилди. Бул жерде Кыргызстандын ар кайсы аймактарынан церебралдык шал оорусу менен ооруган балдар дарыланып, калыбына келишет.

Бишкектеги балдарды реабилитациялоо жана үй-бүлөнү колдоо борборуна фотолампа, жаңы төрөлгөн балдардын билирубин деңгээлин аныктоочу прибор, мончо-жуунчу жай жана компьютерлер өткөрүлдү.

Ар бир мекеменин өз муктаждыгы бар. Бирөөсүнө күн сайын чоң көлөмдөгү кирлерди жууш үчүн кир жуучу жай керек. Дагы бирине тыкан ашкана, ысык суу же узак мөөнөттүү дарылануудагы балдар үчүн керебеттер зарыл. Ошондуктан “Эл-Ди-Эс Черитиз” жардам тизмесин ар бир конкреттүү учурдагы реалдуу шарттардан улам аныктайт.

Балдар, карылар жана майыптыгы бар адамдар үчүн тиричилик шарттары дарылоо жана реабилитациянын бир бөлүгү болуп калат. Таза шейшептер, ысык суу, ыңгайлуу керебет жана иштеп турган техника кам көрүүнүн сапатына түздөн-түз таасир этет. Бул кадимки нерселер болбосо, жакшы адис да өз ишин толук аткара албайт.

Үйгө жакын жерде дарылануу: Кыргызстандагы ооруканаларды кайрымдуулук долбоорлору кантип өзгөртүүдө
Аймактын тургуну үчүн жергиликтүү ооруканада керектүү медициналык жабдуунун жоктугу жөн гана ыңгайсыздык эмес. Бул Бишкекке барууга аргасыздыкты, кошумча чыгымдарды, убакытты текке кетирүү жана текшерилүүнү же дарылоону кечиктирип алуу коркунучун жаратат.

Мына ошондуктан медициналык мекемелерге кайрымдуулук жардамынын маанисин берилген техниканын наркы менен гана баалоого болбойт. Диагностика, операция же реабилитация бейтапка канчалык жакындаганы маанилүүрөөк.

«Эл-Ди-Эс Черитиз» фондунун Кыргызстандагы ишмердүүлүгү саламаттыкты сактоонун ар кандай деңгээлдерин – тез жардам жана офтальмологиялык жардамдан баштап, жүрөк-кан тамыр ооруларын диагностикалоого жана балдар менен чоңдорду калыбына келтирүүгө чейин камтыйт.

Долбоорлордун жалпы өзгөчөлүгү – жабдууну жөн гана бербестен, аны оорукананын же реабилитациялык борбордун күнүмдүк ишине интеграциялоо аракети.

Офтальмологиялык жардам үчүн жаңы мүмкүнчүлүк

Эң көрүнүктүү долбоорлордун бири Бишкек шаардык тез жардам клиникалык ооруканасынын көз жаракат бөлүмүн жабдуу болду.

Фонд мекемени хирургиялык микроскоп, автоклав, ошондой эле катарактаны алып салуу үчүн колдонулчу хирургиялык аппарат менен камсыз кылды. Жабдуулар көз ооруларын жана жаракаттарын диагностикалоо жана хирургиялык дарылоого колдонулат.

Бөлүм Бишкек шаарынан гана эмес, Чүй облусунун жакын райондорунан да бейтаптарды кабыл алат. Стационардык жана амбулатордук бөлүмдөрдө жылына 2500гө жакын операция жасалат.

Оорукана үчүн жабдууларды жаңылоо дарыгерлер жеринде жасай ала турган операциялардын тизмесин кеңейтүү дегенди билдирет. Бейтапка – бул башка мекемеге кайрылбай, кезек күтпөй, адистештирилген жардамды тез алуу мүмкүнчүлүгү.

Бул өзгөчө көз жаракаттарында маанилүү, мында кечиктирүү көрүүнүн начарлашына жана ар кандай кыйынчылыктарга алып келиши мүмкүн.

Бейтапка жакын диагностика

Фонддун колдоосун аймактык мекемелер да алышты. Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасына жүрөк-кан тамырлар бөлүмү үчүн УЗИ жана эхокардиография аппаратын сатып алууга жардам берилди.

Мындай техниканын болушу аймактык саламаттыкты сактоо үчүн өтө маанилүү. Жашаган жеринде текшерүүдөн өтүү мүмкүн болбогондо, бейтап борборго барууга, жол кире жана жашаган жерине акча төлөөгө аргасыз болот, ал эми кээде каражаттын жетишсиздигинен диагностиканы кийинкиге калтырат.

Облустук ооруканадагы аппарат үйгө жакыныраак изилдөөлөрдү жүргүзүүгө, жүрөк жана кан тамыр ооруларын эрте аныктоого, ошондой эле дарылоонун кийинки тактикасын тезирээк аныктоого мүмкүндүк берет.

Мындай долбоорлор аймактардын борбордук медициналык борборлорго болгон көз карандылыгын акырындык менен азайтууга жардам берет. Бишкек адистештирилген жардамдын башкы борбору катары ролун сактап калат, бирок бейтаптар өз облусунда айрым текшерүүлөрдү жана процедураларды ала алышат.

Жардамдын географиясы кеңейүүдө

Фонд Каракол, Ош, Баткен, Жалал-Абад, Бишкек жана Чүй облусунда медициналык долбоорлорду ишке ашыргандыгын билдирди. Жардамга диагностикалык техника, дарылоо жана кам көрүү үчүн жабдуулар, реабилитациялоо каражаттары жана туруктуу медициналык байкоо талап кылынган балдар жана чоңдор менен иштеген мекемелерге колдоо көрсөтүү кирген.

Аймактык багытты өнүктүрүү Кыргызстан үчүн өзгөчө маанилүү, мында адистештирилген ооруканага чейинки аралык бейтап үчүн олуттуу тоскоолдукка айланып кетиши мүмкүн. Облустук деңгээлде канчалык көп кызматтар жеткиликтүү болсо, адамдар жолго ошончолук аз убакыт жана каражат сарпташат.

Аны менен катар аппаратты өткөрүп берүү көйгөйдү автоматтык түрдө чечпейт. Жаңы техниканы колдоно билген адистер, керектүү материалдар, тейлөө жана жабдууларды мекеменин күнүмдүк практикасына киргизүү зарыл.

Ошондуктан мындай долбоорлордун туруктуулугу жабдууларды жеткирүүнү персоналды даярдоо менен айкалыштырууга байланыштуу.

Пандемия учурундагы жардам

Коронавирус инфекциясынын пандемиясы учурунда медицина кызматкерлерин колдоо өзүнчө багыт болуп калды.

Фонд өлкөнүн жети төрөт үйүнө жеке коргонуу каражаттарын тапшырды. Милдеттер көбөйгөн учурда бул жардам кызматкерлердин жана бейтаптардын жугуштуу ооруларды жуктуруу коркунучун азайтуу жана медициналык жамааттардын иштөө жөндөмдүүлүгүн сактоо үчүн зарыл болгон.

Бул долбоор ооруканаларга пландаштырылган жабдууларды жеткирүүдөн айырмаланат. Ал мекемелерге узак мөөнөттүү программалар эмес, эң керектүү материалдарды тез жеткирүү талап кылынган өзгөчө кырдаалга ыкчам жооп болду.

Пандемия саламаттыкты сактоо тутумуна эки түрдүү колдоону бир эле учурда талап кылаарын көрсөттү – стратегиялык модернизация жана кризистерге тез жооп берүү жөндөмдүүлүгү.

Медицина жана социалдык коргоо кесилишинде

Фонд ошондой эле медициналык жардам узак мөөнөттүү камкордукка жана калыбына келтирүүгө байланышкан мекемелерди жабдууга катышат.

Реабилитациялык борборлор физиотерапиялык жабдуулар, атайын керебеттер жана тиричилик техникалары менен камсыз болушту. Балдарды реабилитациялоо жана үй-бүлөнү колдоо борборуна фотолампа жана ымыркайлардагы билирубиндин деңгээлин аныктоочу аппарат берилди.

Мындай долбоорлор саламаттыкты сактоо жана социалдык коргоо кесилишинде жайгашкан, анткени дарылоонун натыйжасы операциянын же дайындалган дары-дармектин натыйжалуулугуна гана байланыштуу эмес. Көптөгөн бейтаптар үчүн кийинки камкордук, кыймыл функцияларын калыбына келтирүү, тиричилик шарттары жана үзгүлтүксүз байкоо жүргүзүү да маанилүү.

Бул балдар, майыптар, улгайган бейтаптар жана узак мөөнөттүү реабилитацияны талап кылгандар үчүн өзгөчө мааниге ээ.

Жеке жеткирүүлөрдөн баштап инфраструктураны бекемдөөгө чейин

Фонддун ишмердүүлүгүн талдоо бир нече туруктуу принциптерди бөлүп көрсөтүүгө мүмкүндүк берет.

Биринчиси – жардамды улуттук борборлор гана эмес, облустук мекемелер да алышат. Бул диагностиканы жана дарылоону бейтапты жашаган жерине жакындатат.

Экинчиси – фонд саламаттыкты сактоонун ар кандай звенолорун колдойт: тез жардам, төрөт үйлөрү, диагностика, хирургия жана реабилитация.

Үчүнчүсү – эгерде мекеменин кызматкерлери аны колдонууга үйрөтүлсө, ал эми техниканын өзү керектүү материалдар жана тейлөө менен камсыздалса заманбап жабдуулар эң натыйжалуу болот.

Узак мөөнөттүү таасирди толук баалоо үчүн жабдуулардын иштөөсү, канча бейтап текшерилген жана операция жасаткандыгы, техниканын иштөө абалы жана медициналык натыйжалар жөнүндө ачык маалыматтар талап кылынат.

Учурда маалыматтын көбү фонддун өзү тарабынан жарыяланган. Ошентсе да, жалпы тенденция байкалууда: жеке мекемелерге жардам берүү акырындык менен медициналык инфраструктураны колдоого айланып баратат.

Мындай долбоорлордун негизги натыйжасы берилген аппараттардын саны менен гана эмес, алар канча жыл иштээри, канча адис аларды өздөштүрөөрү жана канча адам борборго барбай эле жардам алаары менен аныкталат.

15 миңден ашуун жемиш дарагы: Кыргызстанда мектеп алдындагы бак балдардын тамак-ашына кантип жардам берүүдө
Кыргызстанда мектеп тамак-ашын өнүктүрүү багыттарынын бири катары айылдагы мектептердин алдына бак өстүрүү болууда. Бул долбоорду ишке ашырууга “Эл-Ди-Эс Черитиз” коомдук кайрымдуулук фонду жана “Мерсико” эл аралык уюму катышты.

Мектептер керектүү азык-түлүктөрдүн бир бөлүгүн өздөрүнүн алма, алмурут, өрүк, кара өрүк жана курма өскөн аянттарынан алышмак, идея ушунда болчу. Жыйналган жемиштер окуучуларды тамактандырууга жумшалат, ал эми ашыкча түшүмдү сатуудан түшкөн каражатты мектептин менюсун жакшыртууга пайдаланса болот.

2021-жылы Кыргызстандын 155 мектебинде көчөттөр отургузулган. Мектепке караштуу 40 гектар аянтта 15 миңден ашык жемиш бактары өскөн. Ошол эле жылы айылдык мектептер биринчи түшүмүн ала баштады.

“Эл-Ди-Эс Черитиз” фонду долбоорду кеңейтүүгө чоң салым кошту. Буга чейин 2021-жылы фонддун каржылык колдоосу менен 20 мектепте кошумча 2 102 көчөт отургузулган. Кийинчерээк “Мерсико” тарабынан жүргүзүлгөн баалоо көрсөткөндөй, жаш дарактардын 95%ы тамыр алган.

Мындан тышкары, иш бак отургузуу менен эле чектелген эмес. Мектеп администрацияларынын жана жергиликтүү жамааттардын өкүлдөрү дарактарды багуу боюнча окутуудан өтүп, керектүү шаймандарды жана башка колдоолорду алышкан. Айрым мектептер жемиштерди кургатуучу жабдуулар менен камсыз болушкан, бул түшүмдү кийинчерээк колдонуу үчүн сактоого мүмкүндүк берген.

Мектеп багы долбоору өнүгүүнү улантты. 2023-жылы “Мерсико” дагы 31 мектепте бак түптөгөн. Бул этап башка донордук колдоо менен ишке ашырылган, бирок ошол эле — мектептин өзүнүн түшүмүн балдардын тамак-ашы үчүн кошумча ресурс катары пайдалануу  моделин колдонгон.

Бул демилгенин өзгөчөлүгү – узак мөөнөттүүлүгүндө. Азык-түлүктү бир жолу жеткирүүдөн айырмаланып, жемиш бактары туура кам көрүлсө, көп жылдар бою түшүм берет. Мектептер аны балдарды тамактандыруу үчүн пайдаланууга, продукциянын бир бөлүгүн сактоого жана ашып калгандан түшкөн кирешени ашкананын муктаждыктарына жумшоого мүмкүнчүлүк алышат.

Ошентип, “Эл-Ди-Эс Черитиз” уюмунун колдоосу Кыргызстандагы мектеп бактарын өнүктүрүү боюнча кеңири программанын бир бөлүгү болуп калды. Фонддун жардамы менен 2021-жылы эле отургузулган эки миңден ашык дарак мектептер үчүн узак мөөнөттүү ресурска айланды. Бул кайрымдуулук учурдагы маселени чечүүгө гана эмес, көптөгөн жылдарга эсептелген жыйынтыкка багытталаарынын мисалы болуп калды.

Кайрымдуулук фонду Кыргызстандагы социалдык мекемелерге кантип жардам
«Эл-Ди-Эс Черитиз» коомдук кайрымдуулук фонду Кыргызстанда бир нече жылдан бери реабилитациялык борборлорго, интернаттарга жана карылар үйлөрүнө жардам берүү долбоорлорун ишке ашырып келет.

Бир жолу техника берип коюунун ордуна фонд инфраструктураны толук кандуу оңдоо жана кызматкерлерди даярдоого басым жасайт, бир канча убакыттан кийин кайра барып жабдуулардын канчалык пайдаланылып байкаштырат.

Сокулуктагы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын реабилитациялык борборунда 100 бейтап жашайт. Бул жерде фонд эски от казандарды заманбап жылытуу системасына толугу менен алмаштырып, суу тазалоо чыпкаларын орнотту жана бөлмөлөргө жаңы килемдерди төшөдү.

«Эл-Ди-Эс Черитиз» Сокулук районундагы сүйлөөсүндө оор кемтиги бар балдар үчүн атайын жалпы билим берүүчү мектеп-интернатындагы (296 окуучу окуйт), кир жуучу жайды жабдып берди. Өнөр жайлык кир жуугуч жана кургаткыч машиналар, үтүктөөчү системалар, эмеректер жана 50 керебет алынды. Мектеп директору Асель Мадраимованын айтымында, бул акыркы жылдардагы эң сезилээрлик жаңыртуу болду.

Өзгөрүүлөр борбор калааны да камтыды. Фонд Бишкектеги карылар жана майыптар жашаган «Үмүт үйү» мекемесинде  ашкананы толугу менен жабдып, кесипкөй идиш жуугуч машина жана электр меши менен камсыз кылды. Директор Нурлан Галбаев белгилегендей, бул тамак бышырууну тездетип, кызматкерлердин ишин жеңилдетти.

Бишкектеги дагы бир,  жыл сайын мүмкүнчүлүгү чектелген 500гө жакын балага жардам көрсөткөн «Келечек» борборуна   физиотерапия аппараттары жана ашкана жабдуулары берилди. Бир жылдан кийин фонддун кызматкерлери кайра келип, жабдуулар үзгүлтүксүз иштеп жатканына ынанды.

Мындай колдоону башка мекемелер да алышты. Бишкектеги дүлөй балдар үчүн мектеп-интернатына кир жуугуч жабдуулар берилди, ал эми Караколдогу Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын реабилитациялык бөлүмү церебралдык шал оорусуна чалдыккан балдар үчүн 70 жаңы керебет алды. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен биргеликте фонд өлкө аймактарына 700 майыптар арабасын жана 200 басуучу аппаратты жеткирип, жергиликтүү адистерди аларды пайдалануу эрежелерине окутту.

Мындай долбоорлордун негизги максаты – жардам кампаларда чаң басып жатпай, күн сайын адамдарга реалдуу пайдасын тийгизиши керек. Ушул себептен «Эл-Ди-Эс Черитиз» дайыма кайрадан текшерүүлөрдү жүргүзүп, берилген ар бир жабдуунун үзгүлтүксүз иштешин көзөмөлдөйт.

Бир жолку жардамдан узак мөөнөттү долбоорлорго карай
Ар бир долбоорду баштаар алдында “Эл-Ди-Эс Черитиз” коомдук кайрымдуулук фондунун адистери конкреттүү мекеменин муктаждыктарын изилдешет, имараттардын акыбалын баалашат жана кандай жабдуулар чындап зарылдыгын аныкташат.

Жабдуулар жеткирилгенден кийин кызматкерлер окуудан өтүшөт, а бир нече айлардан соң дагы бир жолу текшерүү жүргүзүлөт. Мындай ыкма берилген ресурстар канчалык натыйжалуу иштетилип жатканын жана кошумча колдоону зарылбы же жокпу – түшүнүүгө жардам берет.

Фонддун долбоорлор координатору Алия Гомерсалл мүлктү өткөрүп бергенден кийин иш аяктабай турганын белгилейт. Адистер мекеме кызматкерлерине кеңеш берип, коопсуздук талаптарынын сакталышын текшерип, андан соң үч жана алты айдан кийин жыйынтыктарды баалоо үчүн кайтып келишет.

Неонаталдык жардамды өнүктүрүү фонддун негизги багыттарынын бири бойдон калууда. Төрөт үйлөрүндө жана перинаталдык борборлордо окуу класстары жана машыгуу аянтчалары түзүлөт, мында дарыгерлер, акушерлер жана медайымдар ири адистештирилген мекемелерге барбай эле практикалык көндүмдөрүн өркүндөтө алышат.

Кыргызстандын неонатологдор ассоциациясынын жетекчиси Сагынбүбү Абдувалиеванын айтымында, фонддун колдоосу менен өлкөдө ымыркайларды алгачкы реанимациялоо программасы киргизилген. Эки жыл ичинде медициналык мекемелерге ымыркайларды дем алдыруучу 70 Bubble CPAP аппараты, 35 пульсоксиметр, окуу манекендери жана Амбу баштыктары берилген.

Неонатологдор, акушерлер жана орто медицина кызматкерлери үчүн практикалык курстар бир учурда өткөрүлүүдө. 2026-жылдын апрель жана май айларында Бишкек, Ош жана Манаста башка жактан чакырылган адистердин катышуусунда жумалык тренингдер өттү.

Фонддун директору Дмитрий Цай мындай долбоорлордун натыйжалуулугу жеткирилген жабдуулардын саны менен эмес, аларды медициналык кызматкерлери кризис учурунда канчалык туура колдонууга даяр экендиги менен аныкталат деп баса белгилейт.

«Ымыркайдын өмүрү жөнүндө сөз болгондо, мүнөттөр чечүүчү күчкө ээ болушу мүмкүн. Ошондуктан аппараттын мекемеде бардыгы эмес, анын даяр адистин колунда болушу маанилүү», — деп белгилейт ал.

Долбоорлордун бир бөлүгү социалдык чөйрөдө да ишке ашырылат. Мекемелерге жылытуу системаларын модернизациялоого, суу чыпкаларын орнотууга, ашканаларды жана кир жуучу жайларды жаңылоого, эмерек, керебет, матрацтарды жана башка зарыл буюмдарды сатып алууга көмөк көрсөтүлөт.

100дөн ашуун адам жардам алган Сокулук майыптарды реабилитациялоо борборунда жылытуу системасы жаңыртылды, ичүүчү суу үчүн чыпкалар орнотулду жана килемдер сатып алынды.

Борбордун директору Бурул Туманова модернизация турмуш-тиричиликтин шарттарын бир топ жакшыртканын айтат. Имарат 1940-жылдары курулган, ошондуктан от казандын алмаштырылышы жана бөлмөлөрдү жаңылоо тарбиялануучулардын жашоосун ыңгайлуу, ал эми кызматкерлердин ишин коопсуз кылууга мүмкүндүк берди.

200дөн ашуун улгайган адамдар жана майыптар жашаган Бишкектеги “Үмүт Үйү” социалдык стационардык мекемесине заманбап ашкана жана мончо-кир жуучу жабдуулар берилген. Борбордогу Балдардын атайлаштырылган үйүндө мончо-кир жуучу блок жаңыртылды.

Краснореченск атайын мектеп-интернатында 225 тарбиялануучу үчүн эмеректер жана төшөнчүлөр алмаштырылды.

Ак-Суу реабилитациялоо борборунда балдардын церебралдык шал оорусу менен ооруган балдар жана аларды коштоп жүргөн ата-энелери үчүн ортопедиялык матрацтары бар жаңы керебеттер орнотулду.

Майыптыгы бар адамдарды кыймылдоого жардам берүүчү каражаттар менен камсыз кылууга байланыштуу өзүнчө багыт бар. Акыркы учурларда Кыргызстандын аймактарына 700 коляска жана 200 басуучу шайман берилди. Долбоор Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен биргеликте ишке ашырылууда.

Адистер техникалык каражаттарды берүү менен гана чектелбестен, дарыгерлерди, социалдык кызматкерлерди жана ал каражаттарды алган тарапты коляскаларды туура тандоо жана коопсуз пайдалануу боюнча окутушат. Пайдалануу мөөнөтү аяктагандан кийин, кыймылдоого жардам берчү каражаттар социалдык коргоо тутумуна кайтарылып, башка адамдарга берилиши мүмкүн.

Долбоорлорду ишке ашыруу үчүн фонд Саламаттыкты сактоо министрлиги, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, Билим берүү министрлиги, Кыргызстандын неонатологдор ассоциациясы, Кыргыз акушерлер альянсы, ошондой эле коомдук жана эл аралык уюмдар менен кызматташат.

Келечекте социалдык программаларды кеңейтүү пландалууда. Аялдардын баш калкалоочу жайларын жана кризистик борборлорду колдоо мүмкүн болгон багыттардын катарына кирет.

Акыркы жылдардагы тажрыйба көрсөткөндөй, эң туруктуу натыйжа жабдууларды жеткирүү персоналды окутуу менен коштолгондо, техникалык колдоо жана үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүлгөндө жетишилет.

Мындай мамиле медициналык жана социалдык мекемелердин материалдык базасын жаңыртууга гана жардам бербестен, өзгөчө муктаж болгон адамдарга көрсөтүлүүчү жардамдын сапатын жогорулатат.

https://eurasiatoday.ru/ne-tolko-oborudovanie-kak-sistemnaya-blagotvoritelnost-menyaet-meditsinskuyu-i-sotsialnuyu-pomoshh-v-kyrgyzstane/

Ар бир төрөтканада БАБЛ-СИПАП
Кыргызстандагы төрөтканаларда барган сайын электр тармагына туташтырууну талап кылбаган жана ымыркайларга алгачкы дем алууга жардам берген компакттуу Бабл-СИПАП аппараттары көбүрөөк кездеше баштады. Акыркы эки жылда «Эл-Ди-Эс Черитиз» фонду республиканын медицина кызматкерлерине ушундай 70 жабдуу берди, бүгүнкү күндө алардын баары дээрлик бардык райондук ооруканаларда иштеп жатат. Бирок техника – бул фонддун 2018-жылдан бери КР Саламаттыкты сактоо министрлиги жана Неонатологдор ассоциацясы менен биргеликте жасап жаткан иштеринин бир бөлүгү гана.

Аталган ассоциациянын аткаруучу директору Сагынбү Абдувалиева белгилегендей, долбоорлордун ийгилиги жабдуулардын саны менен эмес, а персоналдын оор кырдаалда аракет кылуу жөндөмү менен өлчөнөт.

“Бабл-СИПАП пайдаланууга оңой – акушерлер ишенимдүү иштетип жатышат. Бул неонатологдор жана реаниматологдор күнү-түнү кезметте турбаган төрөтканалар үчүн куткаруучу болуп берүүдө, көпчүлүк облустарда жана алыскы райондордо мындай мекемелер көп кездешет”, – деди ал.

Аппарат төрөт залында, интенсивдик терапия палаталарында жана ымыркайларды башка жакка жеткирүү маалында алмаштырылгыс мааниге ээ. Жалгыз талап – кислород берүү. Так ушундай жеткиликтүүлүк аны дем алуу көйгөйлөрү менен төрөлгөн ымыркайларды сактап калууда натыйжалуу куралга айлантат.

Жабдуулар менен катар «Эл-Ди-Эс Черитиз» окутуу программасын да баштады. Бишкек шаардык перинаталдык борборунда жума сайын ымыркайларды алгачкы реанимациялоо жана өзгөчө перинаталдык жардам боюнча тренингдер өткөрүлөт. Дарыгерлер жана медайымдар оор абалдагы ымыркайдай көрүнгөн манекендерде көндүмдөрүн бышыкташат.

“Көптөгөн өлкөлөрдө бригада кезметке туруу алдында мындай инструктаждардан сөзсүз өтүшөт. Биз дагы бул практиканы акырындык менен киргизип жатабыз”, – дейт Абдувалиева.

Орто медициналык кызматкерлерди, тагыраак айтканда, маалына жетпей жана оорукчан төрөлгөн ымыркайларга кам көрүү иштеринин 80 пайызын аткарган неонаталдык медайымдарды окутууга өзгөчө көңүл бурулат. Ошондуктан, бул стандарттар медициналык колледждердин программаларына киргизилген, мында келечектеги адистер студенттик курагында эле көндүмдөрдү өздөштүрүшөт.

Абдувалиеванын айтымында, фонд менен кызматташуу Бишкекте, Чүй облусунда, андан кийин Нарын жана Жалал-Абад облустарында реанимациялык жардамдын сапатына мониторинг жүргүзүүгө багытталган долбоорлордон башталган. Бүгүнкү күндө эң натыйжалуу багыт болуп респиратордук колдоо саналат.

«Бала дем ала албай калса же кыйналып дем алса, ар бир секунд чечүүчү мааниге ээ. Дем алууну өз убагында калыбына келтирүү реанимациянын негизги элементи. Ал эми бул аппараттардын жана окутуунун аркасында биз тобокелдиктердин реалдуу төмөндөшүн көрүп жатабыз», – деп баса белгиледи ал.

Фонд белгилегендей, жабдууларга жана окутууга салынган каражаттар келечек үчүн иштейт. Аны менен кичинекей бейтаптардын өмүрү гана сакталбастан, жашоолорунун да сапаты жакшырат.

Кыргызстанда дарыгерлерди окутуу ымыркайлардын өмүрүн сактап калууга кантип жардам берет
Кыргызстанда ымыркайларга жардам берүү тутуму бара-бара өзгөрүп жатат, бул заманбап жабдууларды жеткирүү менен гана чектелбестен, жарыкчылыкка жаңы гана келген ымыркайлар менен иштеген адистерди даярдоо аркылуу ишке ашууда. Так ушул ыкма “Эл-Ди-Эс Черитиз” коомдук кайрымдуулук фондунун долбоорунун өзөгүн түзөт, ал 2018-жылдан бери өлкөнүн неонаталдык кызматын өнүктүрүүгө жардам берип келет, деп билдиришет долбоордун уюштуруучулары.

Программанын негизги идеясы жөнөкөй: эң заманбап аппарат да өз алдынча куткара албайт. Анын эффективдүүлүгү дарыгер же медайым баланын абалын канчалык тез жана ишенимдүү баалап, жабдууну туташтырып, туура чечим кабыл ала алганына жараша болот.

Неонатологияда убакыт көбүнчө мүнөттөр менен, кээде секунддар менен өлчөнөт. Ошондуктан, персоналды окутуу техниканын өзү сыяктуу эле жардамдын маанилүү элементи болуп саналат.

2025–2026-жылдары фонд Бабл-СИПАП аппараттарын жана ымыркайларды алгачкы реанимациялоо боюнча бир катар тренингдерди уюштурду.

Окутуу иш-чаралары Бишкек, Ош жана Манаста өттү. Аларга өлкөнүн ар кайсы аймактарындагы төрөт үйлөрүнүн, перинаталдык борборлордун жана медициналык мекемелердин жүздөгөн дарыгерлери жана медайымдары катышты.

Фонддун директору Дмитрий Цайдын айтымында, долбоордун милдети жабдууларды өткөрүп берүү менен эле чектелбейт. Маанилүүсү, техника мекемелерде токтоп турбашы керек, төрөт үйлөрүнүн күнүмдүк ишинин бир бөлүгүнө айланууга тийиш.

«Ымыркайдын өмүрү жөнүндө сөз болгондо, ар бир мүнөт эсепке алынат. Ошондуктан аппарат мекемеде гана эмес, даярдалган дарыгердин колунда болушу керек», — деп белгиледи ал.

Программада каскаддык окутуу принцибине өзгөчө көңүл бурулду. Бул ири шаарларда даярдалган адистер өз райондорундагы жана мекемелериндеги кесиптештерине алган билимдерин өткөрүп бере аларын билдирет. Мындай ыкма долбоордун камтуусун кеңейтип, аны бир жолку иш-чара эмес, саламаттыкты сактоонун системалуу өнүгүүсүнүн бир бөлүгү кылат.

2026-жылдын апрель айында негизги басым Бабл-СИПАП аппараттары менен иштөөгө жасалды. Бул жабдуулар дем алуу органдарында бузулуу бар ымыркайларга инвазивдик кийлигишүүсүз респиратордук колдоо алууга жардам берет. Маалына жетпей төрөлгөн жана алсырап калган балдар үчүн мындай жардам өмүрдүн алгачкы сааттарында чечүүчү мааниге ээ болушу мүмкүн.

Тренингдердин жүрүшүндө медицина кызматкерлери практикалык сценарийлерди: аппаратты кантип тез туташтыруу, баланын дем алуусун кантип баалоо, абалын кантип көзөмөлдөө, команданын ичинде ролдорду кантип бөлүштүрүү жана кыйынчылыктар жаралса кантип аракет кылууну иштеп чыгышты.

Катышуучулар жөн гана лекцияларды угуп тим болбостон, төрөт залдарын жана ымыркайлардын реанимация бөлүмдөрүнө туш болгон реалдуу кырдаалдарды моделдештиришти.

2026-жылдын май айында фонд ымыркайларды алгачкы реанимациялоо боюнча жергиликтүү машыктыруучуларды даярдоого киришкен. Беш күндүк курс Бишкекте өтүп, андан ары Манас шаарында уланды.

Анын өзгөчөлүгү – катышуучулар өздөрүнүн медициналык көндүмдөрүн бекемдөө менен гана чектелбестен, башка адистерди окутууну да үйрөнүштү. Бул билим системанын ичинде калып, андан ары башкаларга өткөрүлүшү үчүн маанилүү кадам болуп саналат.

Төрөт үйлөрүндө мындай иштин практикалык натыйжалары байкалууда. Дарыгерлердин айтымында, кызматкерлер өзгөчө кырдаалдарда ишенимдүү иш-аракеттерди жасоого, чечимдерди тез кабыл алууга жана командада так иштөөгө үйрөнүштү. Жабдуулар да берилип, персоналдар да окутуудан өткөрүлгөн медициналык мекемелерде дем алуу органдарынын бузулушу бар балдарга көрсөтүлгөн жардамдын сапаты жакшырды.

Фонд медициналык мекемелерге Бабл-СИПАП аппараттарын, пульсоксиметрлерди жана башка керектүү жабдууларды берди. Бирок долбоордун негизги баалуулугу дал ушул техника менен кесиптик чеберчиликтин айкалышында. Аппарат балага жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн берет, бирок натыйжа аны туура колдонууну билген даяр адиске байланыштуу.

Мындай ыкма айрыкча, тар профилдүү жардамга жетүү мүмкүнчүлүгү чектелүү болгон аймактарда маанилүү. Эгерде жергиликтүү дарыгер ымыркайга тез алгачкы жардам көрсөтүп, абалын турукташтыра алса, бул баланын аман калуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатат жана оор кесепеттердин тобокелчилигин азайтат.

«Эл-Ди-Эс Черитиз» 2026-жылдын аягына чейин Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги жана Неонатологдор ассоциациясы менен кызматташтыкты улантууну пландап жатат.

Планда — жаңы тренингдер, төрөт үйлөрүнө жана перинаталдык борборлорго жабдууларды мындан ары да өткөрүп берүү, ошондой эле буга чейин окуудан өткөн адистерди коштоо.

Дмитрий Цайдын айтымында, фонд узак мөөнөттүү иш алып барууга жана системалуу натыйжага багытталган.

«Биз жаңы өнөктөштүктөргө ачыкпыз жана узак мөөнөттүү системалуу натыйжага умтулабыз. Бир жолку иш-чаралар биздин формат эмес. Биздин максат — сапаттуу неонаталдык жардамды өлкөнүн бардык аймактарында кадыресе көрүнүшкө айландыруу», — деп баса белгиледи ал.

Бул долбоордун тарыхы медицинанын өнүгүшү жабдууларды сатып алуу менен гана чектелбестен, адамдарга инвестиция салуудан башталарын көрсөтөт.

Окуудан өткөн бир дарыгер же даярдалган бир медайым ондогон балдарга жардам бере алат. Ал эми билим андан ары берилсе, натыйжасы алда канча кеңири болот — ал ымыркайларга жардам көрсөтүү системасынын туруктуу өзгөрүшүнө айланат.

“Эл-Ди-Эс Черитиз” фонду неонаталдык жардам берүүнү колдойт
“Эл-Ди-Эс Черитиз” фонду көп жылдардан бери Кыргызстандын саламаттыкты сактоо тутумуна колдоо көрсөтүп, медициналык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатууга жана төрөт үйлөрүн заманбап жабдуулар менен камсыздоого жардам берип келет. Кызматташтыктын негизги багыттарынын бири ымыркайларга жана төрөттөн кийинки камкордук боюнча адистерди окутуу, ымыркайларды алгачкы реанимациялоо боюнча тренингдерди өткөрүү, ошондой эле БАБЛ-СИПАП респиратордук колдоо аппараттарын жеткирүү болуп саналат, алар төрөлгөндөн кийинки алгачкы мүнөттөрдө балдардын өмүрүн сактап калууга жардам берет.

Фонддун колдоосу менен өлкөдөгү төрөт үйлөрүндө ымыркайларга жана энелерге шашылыш жардам көрсөтүүнүн заманбап ыкмалары киргизилип, медициналык кызматкерлерди практикалык окутуу үчүн симуляциялык борборлор түзүлдү. Ал турмак өлкөнүн алыскы аймактарына да адам өмүрүн сактап калууда абдан маанилүү жабдууларга жетүү мүмкүнчүлүгү түзүлүүдө.

Бул долбоорлордун ишке ашырылышы, жетишилген жыйынтыктар жана заманбап технологиялардын ымыркайлардын өлүмүн азайтууда ойногон ролу тууралуу Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы неонатологу, Кыргызстандын неонатологдор ассоциациясынын аткаруучу директору Сагынбү Абдувалиева менен маек курдук.

– Эмне үчүн БАБЛ-СИПАП респиратордук жардамы наристелер үчүн маанилүү деп эсептелет?

– БАБЛ-СИПАП респиратордук жардамы дем алуу көйгөйлөрү бар ымыркайларга тез жардам көрсөтүүдө натыйжалуу курал болуп саналат. Бул аппаратты колдонуу абдан оңой, андыктан медайымдар жана акушеркалар аны менен иштей алышат. Бул айрыкча, неонатологдор, педиатрлар жана реаниматологдор күнү-түнү кезмет кылбаган төрөт үйлөрү үчүн маанилүү. Мындай мекемелер биздин аймактарда жана алыскы аймактарда бар.

– БАБЛ-СИПАП аппаратынын артыкчылыктары эмнеде?

– БАБЛ-СИПАП аппаратын төрөт бөлмөсүндө, реанимация бөлүмүндө, ал тургай ымыркайды ташууда да колдонсо болот. Электр тармагына туташтырууну талап кылбайт. Жалгыз талап – кычкылтектин болушу. Ошондуктан бул жабдууну колдонуу райондук төрөт үйлөрүндө өзгөчө натыйжалуу.

– Бул жабдуу Кыргызстанда канчалык кеңири жайылган?

– Былтыр 20 БАБЛ-СИПАП аппараты жеткирилген. Быйыл төрөт үйлөр дагы 50 аппарат алышты. Азыркы учурда алар кычкылтек жеткиликтүү болгон бардык райондук төрөт мекемелеринде орнотулган. Биздин адистер бул жабдуу менен ийгиликтүү иштеп жатышат.

– Ымыркайларды алгачкы реанимациялоо боюнча окутуу эмне үчүн мынчалык маанилүү?

– Ымыркайларды алгачкы реанимациялоо боюнча окуу тренингдери төрөт үйлөрүндө медициналык жардамдын сапатын жогорулатуунун өтө маанилүү бөлүгү болуп саналат. Бул жаңы төрөлгөн жана медициналык кызматкерлердин жардамына муктаж болгон ымыркайды колдоонун биринчи кадамы.

«Эл-Ди-Эс Черитиз» фондунун катышуусу персоналдын квалификациясын жогорулатууга да, медициналык мекемелердин материалдык-техникалык базасын өнүктүрүүгө да олуттуу таасирин тийгизет.

– Фонд медициналык мекемелерге кандай колдоо көрсөтөт?

– Фонд неонаталдык жана перинаталдык адистердин квалификациясын жогорулатууга, ымыркайларга жана энелерге тез жардам көрсөтүү боюнча тренингдерди өткөрүүгө жардам берет. Мындан тышкары, мекемелер окутуу жана тез перинаталдык жардам көндүмдөрүн өркүндөтүү үчүн заманбап симуляциялык жабдууларды алышты. Төрөт үйлөрүнө колдоо көрсөтүү бүгүнкү күнгө чейин уланууда.

– Бүгүнкү күндө кайсы мекемелерди үлгүлүү деп атоого болот?

– Жакшы мисалдардын бири Бишкек шаардык перинаталдык борбору, ал фонддун колдоосу менен медициналык жардамдын сапатын үзгүлтүксүз жакшыртууну улантууда. Бул жерде ымыркайларды алгачкы реанимациялоо жана тез перинаталдык жардам боюнча дээрлик жума сайын тренингдер өткөрүлөт. Алдыңкы мекемелер катары Ош облустук клиникалык ооруканасынын төрөт үйүн, Ош шаардык перинаталдык борборун, Жалал-Абад облустук бириктирилген ооруканасынын төрөт үйүн жана Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун алдындагы Улуттук перинаталдык борборун да белгилөөгө болот.

– Эмне үчүн симуляциялык тренингдер окутуунун натыйжалуу ыкмасы болуп эсептелет?

– Негизинде оор абалда төрөлгөн ымыркайды жандандырууну моделдештирген жабдуулар менен практикалык иштер жүргүзүлөт. Медицина кызматкерлери критикалык кырдаалдарды талдоо үчүн ролдук сценарийлерди иштеп чыгышат. Алар биринчи реанимация жана тез жардам көрсөтүү көндүмдөрүн тынымсыз өркүндөтүшүп, күнүмдүк практикага айлантышат.

Дүйнө жүзү боюнча мындай формат медициналык жардамдын сапатын жогорулатуунун негизги компоненттеринин бири болуп эсептелет. Көптөгөн өлкөлөрдө медициналык бригадалар кезметке кирер алдында симуляциялык борбордо машыгуудан өтүп, андан кийин гана ишке киришет. Бүгүнкү күндө мындай практика Кыргызстанда да акырындык менен киргизилип жатат.

– Бул энелердин жана балдардын ден соолугуна кандай таасир этет?

– Практикалык көндүмдөрдү тынымсыз өркүндөтүү жана үзгүлтүксүз тренингдер медициналык жардамдын сапатын жогорулатат. Демек, оор клиникалык кырдаалдарда ымыркайлардын да, аялдардын да аман калуу мүмкүнчүлүктөрү көбөйөт.

– Фонд менен кызматташтык канчадан бери уланып жатат?

– Кыргызстандын неонатологдор жана неонаталдык медайымдар ассоциациясы «Эл-Ди-Эс Черитиз» фонду менен 2018-жылдан бери кызматташып келет. Алгачкы долбоорлор Бишкек, Чүй облусу, ошондой эле Нарын жана Жалал-Абад сыяктуу алыскы аймактарда ымыркайларды алгачкы реанимациялоону мониторинг жүргүзүүгө жана колдоого багытталган.

– Долбоорго эмне үчүн медициналык колледждер тартылды?

– Анткени, неонаталдык жардамдын 80 пайызга жакынын орто медициналык кызматкерлер – төрөт үйлөрүндө жана жандандыруу бөлүмдөрүндө иштеген неонаталдык медайымдар көрсөтүшөт. Ошондуктан, медициналык колледждерде келечек адистерди окутуу долбоордун маанилүү бөлүгү болуп калды.

– Бүгүнкү күндө кайсы долбоор эң ийгиликтүү?

– Азыркы учурда биз фонддун эң натыйжалуу долбоорлорунун бири – ымыркайлардын дем алуусун колдоо долбоорунун үстүндө иштеп жатканыбызга эки жыл болду. Оор абалда төрөлгөн бала же такыр дем албай калат же начар дем алат. Ошондуктан, өз убагында жардам көрсөтүү жана дем алууну тез калыбына келтирүү ымыркайларды реанимациялоо жана интенсивдүү терапиялоо иштеринин негизги элементтеринин бири болуп саналат.

Дал ушул себептен БАБЛ-СИПАП аппараттарын жеткирүү жана медициналык кызматкерлерди аларды колдонууга үйрөтүү Кыргызстандын саламаттыкты сактоо системасы үчүн чоң мааниге ээ жана төрөлгөндөн кийинки алгачкы мүнөттөрдө эле эң кичинекей бейтаптардын өмүрүн сактап калууга жардам берет.