Кыргызстан акыркы он жылдыкта ымыркайлардын өлүмүн азайтууда олуттуу ийгиликтерге жетишти. Ага карабастан, дагы деле маселенин деңгээли кыйла жогору бойдон калууда жана өзгөчө көңүл бурууну талап кылат. Балдарга көрсөтүлүүчү медициналык жардамдын сапатын жогорулатууга эл аралык уюмдар, атап айтканда, «Эл-Ди-Эс Черитиз» кайрымдуулук коомдук фонду менен кызматташуу жардам берет. Биз Кыргыз Республикасынын Неонатологдор жана неонаталдык медайымдар ассоциациясынын аткаруучу директору, Саламаттыкты сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы неонатологу жана Улуттук эне жана баланы коргоо борборунун жаңы төрөлгөн жана ара төрөлгөн балдардын патологиясы бөлүмүнүн башчысы Сагынбү Абдувалиева менен Кыргызстандагы неонатология тармагында кандай өзгөрүүлөр болуп жаткандыгы тууралуу сүйлөштүк.
– Кыргызстандагы неонатологиянын бүгүнкү күндөгү деңгээлин кандай баалайсыз?
– Кыргызстан балдардын ден соолугун коргоо жаатында олуттуу кадам жасады. 1990-жылдан 2015-жылга чейин ымыркайлардын өлүмүнүн деңгээлин дээрлик 70%га кыскартууга жетишти, бул дүйнөдөгү эң мыкты натыйжалардын бири болуп эсептелет. Бүгүнкү күндө абал барган сайын жакшырууда. Беш жашка чейинки балдардын өлүмү миңге 16 учурду түзөт, ымыркайлардын өлүмү – 15–16, ал эми өмүрүнүн биринчи айында – болжол менен 11. Акыркы беш жылда балдардын өлүмүнүн көрсөткүчү 20дан 16,5ке чейин төмөндөдү, ал эми отуз жылдын ичинде жалпысынан дээрлик үч эсеге азайды. Мындан аркы прогресс бул багытка артыкчылыктуу маселе статусун берүү жана ага системалуу колдоо көрсөтүү менен мүмкүн болот.
– Ымыркайлардын өлүмүнүн негизги себептери кайсылар?
– Көбү перинаталдык мезгилге, башкача айтканда, баланын жашоосунун биринчи жети күнүнө байланыштуу. Бул көрсөткүч түздөн-түз аялдын ден соолугун чагылдырат.
Үч жыл мурда донорлордун колдоосу менен Кыргызстанда аялдардын жана балдардын тамактануу абалына көп борбордуу изилдөө жүргүзүлгөн. Ал репродуктивдүү курактагы аялдардын 50%ында маанилүү элементтердин – фолий кислотасынын, темирдин жана башкалардын жетишсиздиги аныкталганын көрсөттү, бул түйүлдүктүн өсүшүнө жана өнүгүшүнө түздөн-түз таасир этет.
Дагы бир көйгөй – бул төрөттөрдүн ортосундагы кыска аралык. Жыл сайын 18 миңге жакын аял эки жылдан аз аралыкта төрөйт. Оптималдуу тыныгуу болжол менен үч жарым жылды түзүшү керек: тогуз ай кош бойлуулук, андан кийин бир жарым жылга чейин эмчек эмизүү жана дагы бир жыл калыбына келтирүү. Азырынча бул практика аз сакталууда.
Кош бойлуулукту пландаштыруу жана ага даярдануу – өлүмдү азайтуунун негизги шарттары. Эгерде бул багытка артыкчылыктуу маселе статусу берилип, ага системалуу колдоо көрсөтүлсө, абал бир топ жакшырышы мүмкүн.
– «Эл-Ди-Эс Черитиз» фонду менен канча убакыттан бери жана кандай форматта иштеп жатасыздар?
– Биз «Эл-Ди-Эс Черитиз» менен 2009-жылдан бери кызматташып келебиз. Ошол кезде Түркияда жаңы төрөлгөн ымыркайларды реанимациялоо боюнча сегиз машыктыруучу окуудан өтүп, Кыргызстандын төрөт үйлөрүнө симуляциялык жабдуулар берилген. 2018-жылдан баштап тыгыз иштешип калдык.
Биринчи долбоор Бишкек жана Чүй облустарында реанимацияга мониторинг жүргүзүүгө жана колдоо көрсөтүүгө багытталган, андан кийин медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгү өзгөчө көйгөйгө айланган Нарын жана Жалал-Абад облустарына жайылтылган.
Фонд жабдууларды берип, машыктыруучуларды даярдады. Биз бир катар төрөт үйлөрүндө неонатологдор жок экенин, жаңы төрөлгөн ымыркайларга жардамды акушерлер жана медайымдар көрсөтүп жатканын түшүндүк.
Ошондуктан «Эл-Ди-Эс Черитиз» медициналык колледждерди колдоого алды. Алар окуутучуларды реанимация, салмагы аз балдарды багуу жана шашылыш жардам көрсөтүү боюнча окутушту. Алар, өз кезегинде, акушерлерди окута башташты.
– Учурда «Эл-Ди-Эс Черитиз» менен биргеликте кандай долбоорлор ишке ашырылып жатат?
– СИПАП аппараттары аркылуу респиратордук колдоону киргизүү боюнча долбоор ишке ашырылууда. Бул жөнөкөй жабдуу, аны врачтар гана эмес, неонатологу жок төрөт үйлөрүндө акушерлер же медайымдар да колдоно алышат.
Өлкөгө 20 аппарат жеткирилип, алар негизги стационарларга бөлүштүрүлдү. Региондор үчүн дагы 50 аппараттан турган экинчи траншты күтүп жатабыз. Мунун баары окутуу менен коштолот. Адегенде АКШдан адистер – респиратордук терапевттер жана реаниматологдор келип, биздин персоналдарды даярдашкан. Келерки жылдан баштап тренингдердин экинчи этабы пландаштырылууда.
Мындан тышкары, биз 25 миң долларлык гуманитардык жардам алдык. Төрт инкубатор, төрт монитор жана 15 пульсоксиметр. Бул оор абалда жаңы төрөлгөн балдарга кам көрүүнү бир топ жакшыртты.
– Акыркы 15 жылда жаңы төрөлгөн балдарга кам көрүүнүн сапаты кандай өзгөрдү?
– Ал бир топ жакшырды. Албетте, көп нерсе заманбап жабдууларга жана аны туура колдонууга байланыштуу. Бирок медициналык персоналдын бейтаптарга болгон мамилеси да маанилүү.
– Неонатологияда кадрдык камсыздоо кандай болуп жатат?
– Тилекке каршы, кадрдык жетишсиздик олуттуу көйгөй бойдон калууда. Врачтар да, орто персонал да жетишсиз. Мамлекет чараларды көрүп жатат – айлык акыны көтөрүп, эмгек шарттарын жакшыртууда. Ушул чаралардын жана жаш адистердин келишинин шарапаты менен абал өзгөрөт деп үмүттөнөбүз.
– Сиздердин жана бүтүндөй системанын алдында кандай максат турат?
– Биздин максат – Кыргызстанда төрөлгөн ар бир бала ден соолукта жана бактылуу болсун. Бул биздин ишибиздин башкы мааниси.