Фонд 2018-жылдын 8-октябрында Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Чүй-Бишкек башкармалыгында катталган.
2018-жылга чейинки бардык гуманитардык иш-чаралар АКШда жайгашкан “LDS Charities” глобалдык кайрымдуулук уюмунун көмөгү аркылуу жүргүзүлүп келген.
Фонд тарабынан берилген жардамдын түрлөрү:
- Медициналык жабдуулар
Ооруканаларды, хоспистерди, карылар үйлөрүн жабдуулар менен камсыз кылуу.
- Эне менен балага кам көрүү
Жаңы төрөлгөн ымракайларга кам көрүү боюнча медициналык персоналды окутууну уюштуруу, төрөт учурунда реанимациялык иш-чараларды өткөрүү жана тиешелүү жабдуулар менен камсыз кылуу.
- Майыптар коляскасы
Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын муктаждыктарына ылайыктуу майыптар коляскасын берүү.
Социалдык кызматкерлер менен дарыгерлерди жеке мобилдүү каражаттарды тандоого окутуу.
- Билим берүү мекемелерин колдоо
Эмерек жана жабдуулар менен камсыз кылуу.
- Социалдык жактан корголбогон жана калктын аярлуу катмарына жардам берүү
Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга жана улгайган адамдарга жардам көрсөтүү үчүн реабилитациялык борборлорду, балдар үйлөрүн жана убактылуу баш калкалоочу жайларды керектүү жабдуулар менен камсыз кылуу. Аялдардын, балдардын жана үй-жайсыз калгандар үчүн баш калкалоочу борборлорго жардам көрсөтүү.
- Өзгөчө кырдаалдар учурундагы аракет
Табигый кырсыктардан, эпидемиялардан, экологиялык, өндүрүштүк жана башка штаттан тыш окуялардын натыйжасында жабыр тарткандарга жардам көрсөтүү.
- Качкындарга жардам көрсөтүү
Жылытуу пункттарын керектүү эмеректер, тамак-аш, гигиеналык комплекттер, биринчи жардам аптечкалары, кийим-кече жана башка күндөлүк керектелүүчү буюмдар менен камсыз кылуу.