“Эл-Ди-Эс Черитиз” кайрымдуулук фонду Кыргызстандагы мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды колдоо миссиясын улантууда.
2022-жылдын март айында фонд Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине 310 майыптар коляскаларын берди. Бул коляскалар министрликтин тизмесиндеги жарандарга бөлүштүрүлгөн.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жаңыл Алыбаева фонддун өкүлдөрүнө Кыргызстандагы майыптыгы бар адамдар үчүн социалдык кызматтарды өнүктүрүүгө кошкон баалуу салымы үчүн Ардак грамота тапшырды.
“Эл-Ди-Эс Черитиз” фонду гуманитардык жардам гана бербестен, социалдык кызматкерлерге тренингдерди өткөрүү менен кошумча билим алууга мүмкүнчүлүк түзүүдө.
Фонддун адистери Бишкек жана Ош шаарларында, ошондой эле Чүй, Баткен, Жалал-Абад, Ош, Ысык-Көл облустарында социалдык коргоо башкармалыгынын кызматкерлери үчүн үч күндүк тренингдерди өткөрүп, аларга жаңы типтеги майыптар коляскасын туура колдонууну үйрөтүштү.
Бул окуу тренингтери жергиликтүү кызматтардын потенциалын бекемдеп, майыптыгы бар адамдарга натыйжалуу кызмат көрсөтүүнү жогорулатууга шарт түзөт.
Белгилей кетсек, буга чейин фонд майыптар коляскаларын жана башка жарадам каражаттарын берүү менен ушул сыяктуу долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашырып келген. Алсак, 2017-жылдын июнь айында фонд Министрликке 324 коляска, ал эми 2018-жылдын март айында 327 коляска, 218 балдак жана 38 басканга жардам берүүчү шайманды берген.
“Эл-Ди-Эс Черитиз” фонду өзүнүн кайрымдуулук иши аркылуу социалдык адилеттүүлүк жаатындагы маанилүү миссияга басым жасап, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга зарыл каражаттар менен колдоо көрсөтүүнү дагы улантат.