“Эл-Ди-Эс Черитиз” кайрымдуулук фонду Кыргызстандын алыскы аймактарындагы жарандарга ар тараптуу жардам берүүнү улантууда
2021-жылы Ысык-Көл облустук бириккен оорукананын өкүлдөрү биздин фондко кайрылышкан. 1600-7439 метр деңиз деңгээлинен жогору болгон бул тоолуу аймакта жүрөк-кан тамыр оорулары көп кездешкендиктен, оорукана заманбап диагностикалык жабдууга муктаж болгон.
Алардын жетишсиздигинен улам бейтаптар диагностика үчүн атайын Бишкекке барышкан. Бул аларга кыйынчылыктар менен кошумча чыгымдарды жараткан.
Кыргыз Республикасын саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү менен жолугушуп, маселени карап чыккандан соң фонд тарабынан долбоор бекитилген.
2022-жылдын январь айында “Эл-Ди-Эс Черитиз” Ысык-Көл облустук бириккен оорукананын жүрөк-кан тамыр бөлүмүнө ультра үндүү диагностикалык MINDRAY ДС-70 ЭХО КГ аппараттын сатып алууну каржылаган.
Ысык-Көл облустук телерадиокомпаниясынын ушул маанилүү окуяга арналган атайын репортажын карооңуздарга сунуштайбыз…
Эми облустун жашоочулары жүрөк оорусунан сапаттуу жана өз убагында дарыланууга мүмкүнчүлүк алышты. Бул бейтаптардын саламаттыгы менен жашоо сапатын жогорулатууга баа жеткис салым!
Биз медициналык жардамды ар бир кыргызстандык үчүн жеткиликтүү кылууга багытталган миссиябызды улантабыз.