2024-жылы Кыргызстанда ымыркайларга жардам берүү системасына өзгөртүүлөр киргизиле баштаган, а азыр ал байкалаарлык жыйынтык берүүдө. Неонатологдор ассоциациясы жана Саламаттыкты сактоо министрлиги «Эл Ди Эс Черитиз»кайрымдуулук фондунун көмөгү менен медициналык персоналдарды окутуу жана төрөт үйлөрүн заманбап жабдыктар менен жабдуу боюнча долбоорду ишке ашырышкан. Кабыл алынган чаралар жарык дүйнөгө бир топ татаал шартта келген балдарга жардам көрсөтүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган.
Өткөн жылдын күзүндө ондогон неонаталдык медайымдар жана дарыгерлер Бишкекке практикалык тренингге келишкен. Медициналык персоналдарды окутууда ымыркайларга кам көрүү жана “Баштапкы реанимация боюнча көрсөтмөлөр” базасынын алкагында реанимациялык иш-чараларды жүргүзүү камтылган. Бул программанын башкы өзгөчөлүгү анын пратикалык багытында жатат. Тренингде симуляциялар, командалык иштөө жана этап-этабы менен аракеттерди байкаштырууколдонулган. Бул формат адистерге ымыркай жашоосунун алгачкы секундаларында дем ала албайкалса же башка колдоону талап кылган жагдайларда тез жана ишенимдүү аракет кылууга мүмкүндүк берет.
Долбоордун негизинде 35 медициналык мекемелердин кызматкерлери – 860 адис окуудан өткөрүлдү. Ошондой эле 200 төрөт үйлөрү реанимациялык базалык жабдыктар менен камсыздалды.
Окутуу неонаталдык интенсивдүү терапия боюнча 42 жылдык тажрыйбасы бар эксперт тарабынан жүргүзүлдү. «Эл Ди Эс Черитиздин» демилгесинин аркасында Кыргызстандын медицинакызматкерлери эл аралык билим берүү борборлорунда гана берилүүчү билимдерге ээ болушту. Мындай мүмкүнчүлүк жергиликтүү адистердин дараметин бекемдеп, аларды критикалыкабалда иштөө үчүн жаңы инструменттер менен камсыз кылды.
Долбоордун алкагында «Эл Ди Эс Черитиз»медициналык мекемелерге 20 СИПАП-аппараттарын, 35 пульсоксиметрлерди, 200 эки беткаптуу реаниматорлорду, окутуучу реанимациялык наборлору бар 20 баштыктарды, ошондой эле жаңы төрөлгөн балдар үчүн 200 сордуруучу жабдык берди. Бул жабдыктар балдарга дем алууга жардам берет, а дарыгерлер кандын кислород менен байытылуусун көзөмөлдөй алышат.
Жабдыктар Бишкектеги, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Чүй облустарындагы төрөт үйлөрүнө жана Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна бөлүштүрүлдү. Негизинен күн сайын миңдеген төрөттү кабыл алган, түйшүгү оор мекемелер тандалды.
Учурда бардык жабдыктар штаттык режимде иштөөдө. Даярдыктан өткөн медайымдар жана неонатологдор жаңы жөндөмдөрүн реалдуу клиникалык практикада ишенимдүү колдонушууда. Медициналык кызматкерлердин айтымында, азыр аларга дем алуусунда көйгөйү бар ымыркайлардын абалын ыкчам турукташтыруу мүмкүн болуп калды. Алтурмак жашап кетээри күмөн болгон ымыркайлар заманбап ыкмалар жана өз убагында көрсөтүлгөн жардамдын шарапаты менен критикалык абалдан чыгарылган учурлар да бар.
«Эл Ди Эс Черитиз» көп жылдардан бери Кыргызстандагы медициналык мекемелерге жардам берүүдө. Жыл сайын жабдыктарды сатып алууга, адистерди окутууга жана социалдык демилгелерге каражат бөлүнөт. Медициналык персоналдарды окутуу жана төрөт үйлөрүн заманбап жабдыктар менен камсыздоо боюнча долбоор фонддун ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарынын бирине айланды. Ал окутууну, техникалык базаны жана практикалык тажрыйбаны бириктирди, а бул үй-бүлөлөр жана алардын ымыркайлары үчүн жыйынтык алып келди.
Бүгүнкү күндө фонддун жардамынын аркасында Кыргызстандагы төрөт үйлөрүндө медициналык кызматкерлердин иши үчүн жаңы шарттар түзүлүүдө. Мындай өзгөрүүлөр байкалаарлык жана эң кичинекей бейтаптарга кам көрүүнүн заманбап ыкмаларын киргизүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Жыйынтыгында ымыркайларга бир топ жогорку деңгээлде жардам берилүүдө. Медициналык кызматкерлер иш үчүн зарыл шарттарга ээ болушууда, а үй-бүлөлөр балдарына сапаттуу жана өз убагында жардам берилеринен күмөн санашпайт.