• Кайрымдуулук фонду Эл-Ди-Эс Черитиз

Көз жаракат бөлүмүнө заманбап жабдуулар тапшырылды

Бишкек шаардык тез жардам ооруканасынын көз жаракат бөлүмүнө заманбап жабдуулар тапшырылды. Аталган жабдуулар “Эл-Ди-Эс Черитиз” коомдук фонду тарабынан берилди.

Кайрымдуулук фонддун директору Дмитрий Цайдын айтымында, фонд Кыргызстандагы бир катар ооруканаларга колдоо көрсөтүүнү пландап жатышат.

«Бүгүн биз шаардык ооруканага заманбап жабдууларды алып келдик. Анда көзгө операция жасоо үчүн микроскоп, стерилизатор өңдүү 3 техника бар. Фонд аркылуу ушундай жардам берип жатканыбызга кубанычтабыз. Биз берген жабдуулар мындан ары элдин ден соолугун чыңдоого салым кошот деп ишенебиз. Биздин колдоо дарыгерлер үчүн маанилүү болгонун билдик”, – деди Дмитрий Цай.

Мындай колдоо эң оболу дарыгерлерге жагымдуу болду. Анткени буга чейин заманбап жабдуулардын жетишсиздигинен улам бейтаптарга күтүлгөндөй жардам берилбей калчу.

Көз жаракат бөлүмүнүн башкы дарыгеринин орун басары Шеримкан Маматаев белгилегендей, эми мындай көйгөйлөр артта калды.

«Көз оорулары, көз паталогиясынан көптөгөн биздин жарандар кыйналып келет. Заманбап жабдуулар көп болсо аябай жакшы болмок. Көз оорулары боюнча бизде эки эле бөлүм бар. Бири Улуттук госпиталда, экинчиси Бишкек шаардык тез жардам ооруканасында. Бүгүн берилген заманбап жабдуулар менен биз 2 кадам алдыга жылып кеттик деп ойлойбуз. Ушул заманбап жабдуулардын жардамы менен бизге кайрылган бейтаптарга 100% эң жакшы жардам көрсөтүп бере алабыз»,- деди Шеримкан Маматаев.

Белгилей кетсек, “Эл-Ди-Эс Черитиз” коомдук фонду Бишкек шаардык тез жардам ооруканасына баасы 66 миң АКШ доллар болгон жабдууларды тапшырды.