Кайрымдуулукта айрыкча жардамды күтүүгө мүмкүнчүлүгү жок адамдарга өз убагында келүү маанилүү. Кеп үй тибиндеги интернаттардын камкордугунда жалгыз калган улгайган адамдар, майып балдар жана чоңдор жөнүндө болууда. “Эл-Ди-Эс Черитиз” фонду үчүн алардын жашоосун ыңгайлуу, коопсуз жана жайлуу кылуучу шарттарды түзүү биринчи орунда турат. Бул фонд жардамберген мекемелердин бирөөсү гана.
Бишкек шаарындагы дүлөйлөр үчүн адистештирилген мектеп-интернат. Мектепте 310 бала окуйт, алардын көпчүлүгү интернатта жашашат. Фонд мекемеге кир жуучу жай үчүн өнөр жай техникасын: эки кир жуугуч машина, эки кургаткыч машина жана заманбап үтүктөөчү аппаратты тапшырды. Бул кызматкерлерге жана балдарга иштерди тез жана натыйжалуу бүтүрүүгө, мектептеги турмуштук шарттарды жакшыртууга мүмкүндүк берди.
Мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн “Келечек” реабилитациялык борбору. Мекеме фонд тарабынан берилген жабдууларды: физиотерапия аппараттарын, абаны дезинфекциялоочу рециркуляторду, тоңдургуч камераны, муздаткычты жана ашкана техникасын бир жылдан бери колдонуп келет. Бул адистерге балдарга сапаттуу кам көрүүгө жана реабилитация үчүн коопсуз шарттарды түзүүгө жардам берет.
Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген аялдар үчүн Жайыл психоневрологиялык стационары. Фонд стационарды күн батареялары, кир жуучу жай үчүн өнөр жай техникасы, суу жылыткычтар жана эс алуу үчүнтелевизорлор менен камсыздады. Жаңы шарттар бейтаптардын жашоосун бир топ ыңгайлуу жана жайлуу кылды.
“Үмүт үйү” интернаты. Интернатта 210 улгайган курактагы жана майыптыгы бар адамдар жашайт. Фонд заманбап ашкана техникасын: өнөр жайлык идиш жуугуч машина, электр меши, камыр жууругуч аппарат, жашылча-жемиштерди жана этти иштетүүчү жабдууларды, ошондой эле өнөр жайлык үтүк тапшырды. Бул тамак-ашты тезирээк, коопсуз жана сапаттуу даярдоого мүмкүндүк берип, интернатты дагы да ыңгайлуу кылат.
Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын Ак-Суудагы реабилитациялык бөлүмү. Бул борбордо Кыргызстандын бардык аймактарынан келген “балдардын церебралдык шал оорусу” диагнозу менен ооруган балдар дарыланат. Фонд мекемеге 70 жаңы керебет тапшырган, бул балдардын жашоо шарттарын жакшыртып, аларга көрсөтүлгөн кызматтын сапатын жогорулатты.
«Эл-Ди-Эс Черитиз» фондунун ар бир долбоору өзубагында көрсөтүлгөн жардамга айланып, туруктуу колдоо жана көңүл буруу адамдардын жашоосун жылуу жана кубанычтуу кыла аларын көрсөтүүдө.