Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды реабилитациялоочу “Келечек” борборунун директору Чынара Түмөнбаева “Эл-Ди-Эс Черитиз” фонду менен кызматташуунун жыйынтыктары тууралуу айтып берди.
«Биздеги долбоор абдан жакшы жана сапаттуу ишке ашырылган. Быйыл фонд бизге кошумча реабилитациялык жабдууларды жана өнөр жайлык ашкана техникасын берди. Анын аркасында көрсөтүлүүчү жардамдын түрлөрүн кеңейттик жана балдар үчүн реабилитациялык шарттарды жакшырта алдык», – деп белгиледи Чынара Түмөнбаева.
Фонд электрофорез, төмөн жыштыктагы физиотерапия, УВЧ, дарсонвализация аппараттарын, ошондой эле рециркулятор, тоңдургуч камера, эки муздаткыч, кууруучу шкаф жана электр мешин берди.
“Бул биздин мүмкүнчүлүктөрүбүздү кыйла кеңейтип, реабилитациянын сапатын жогорулатты”, – деп баса белгиледи борбордун директору.
Статистикага ылайык, 2 жыл 6 айдын ичинде борбордун кызматынан 1 813 бала пайдаланды. Алардын көбү неврологиялык патологиялардан жабыркашат, анын ичинде балдардын церебралдык шал оорусу, мээ кан айлануусунун курч бузулушунун кесепеттери, полинейропатия, таяныч-кыймыл аппаратынын тубаса аномалиялары, жамбаш муундарынын дисплазиясы жана буттун тубаса аномалиялары бар.
2024-жылдан баштап борбор аутизмдин жеңил түрү жана Даун синдрому бар балдарды реабилитациялоону да баштады, бул ага көп тармактуу мекеме болууга мүмкүндүк берди.
“Биз республиканын бардык аймактарынан 4 жаштан 18 жашка чейинки майыптыгы бар балдарды кабыл алабыз”, – деп кошумчалады Түменбаева.
“Эл-Ди-Эс Черитиз” фондунун колдоосу майыптыгы бар балдарды сапаттуу реабилитациялоодо, алардын ден соолугун жакшыртууда жана коомго интеграциялоодо негизги ролду ойнойт.