• Кайрымдуулук фонду Эл-Ди-Эс Черитиз

«Эл-Ди-Эс Черитиз» кайрымдуулук фондунун координатору Алия Гомерсалл өзүнүн уюму кандай иштерди аткарат, келечектеги пландары жөнүндө айтып берди.

 

Алия, «Эл-Ди-Эс Черитиз» кайрымдуулук фондунун ишмердүүлүгү, миссиясы, максаттары жана баалуулуктары жөнүндө айтып бересизби?

 

«Эл-Ди-Эс Черитиз» кайрымдуулук уюму 1986-жылы негизделген. Анын башкы кеңсеси АКШнын Юта штатында жайгашкан. Кыргызстанда фонд 2018-жылдын 8-октябрында юстиция министрлигинде каттоодон өткөн. Ага чейин жардам “Эл-Ди-Эс Черитиздин” глобалдык уюму тарабынан берилип келген.

Фонддун негизги максаты – муктаж адамдарга жардам берүү. Миссиябыз болсо калктын аярлуу катмарын колдоо, өзгөчө кырдаалдарда жардам көрсөтүү, ден соолукту жакшыртууга жана татыктуу билим алууга көмөктөшүү. Биздин кайрымдуулук ишибиздин маңызы ушул нерселерден турат.

 

Фонддун негизги ишмердүүлүгү аярлуу катмарларга багытталган деп туура түшүнсөк болобу?

 

Ооба, туура айтасыз. Биз мамлекеттик органдар, министрликтер менен кызматташып, негизинен ооруканаларга, балдар үйлөрүнө, карылар үйлөрүнө жана интернаттарга жардам көрсөтөбүз.

 

Акыркы убакта  «Эл-Ди-Эс Черитиз» уюму Кыргызстанда кандай ири жана маанилүү программалары жүзөгө ашырды?

 

Биз иш алып барган 8 негизги багыт бар. Мен бир нече маанилүү долбоорлорго токтолуп кетейин.

2009-жылдан бери Кыргызстанда “Неонаталдык реанимация” деген аталышта   чоң долбоор ишке ашырылууда. Бул долбоордун максаты медициналык кызматкерлерди жаңы төрөлгөн ымыркайларды реанимациялоонун алгачкы ыкмаларына үйрөтүү. Ар бир төрөткө катышкан врач же акушер ымракайдын жашоосунун алгачкы мүнөттөрүндө реанимация жүргүзүүнүн ыкамаларын билиши керек. Андан кийин долбоор кеңейтилип, төрөттөн кийинки кан агууну токтотуу боюнча тренингдер кошулган. Окууларды атайын чет өлкөлөрдөн келген адистер өткөрүшөт. Алар өздөрү менен кошо  амбу-мешокторду жана башка жабдууларды алып келишет. Тренингдер каскаддык ыкма менен өтөт. Биринчи кезекте тажрыйбалуу адистерди үйрөтүп, андан кийин алар жер-жерлерде башка медициналык кызматкерлерди окутушат. Ошентип, биз ымыркайлардын жана энелердин өлүмүн алдын алууга аракет жасайбыз.

Биз бул долбоорду Саламаттыкты сактоо министрлиги жана Кыргызстандагы неонатологдор ассоциациясы менен биргеликте ишке ашырып, медициналык кызматкерлерди окутуу менен аларды колдоп турабыз. Экинчи маанилүү долбоор өлкө боюнча майыптар арабаларын таратуу. 2022-жылы эле 600 майыптар арабасы, жөө басуучу каражаттар, таякчалар муктаждарга берилди. Биз муну менен мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарыбыздын  жашоосун жеңилдетүүгө аракеттенебиз. Бардык жабдыктарды биз Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин карамагына өткөрүп беребиз. Алар өздөрүндөгү тизмелерге ылайык муктаж кишилерге таратышат.

Айта кетсек биз ар кандай типтеги жана өлчөмдөгү майыптар арабаларын алып келебиз. Социалдык кызматкерлерге болсо аларды туура пайдалануу боюнча тренингдерди өткөрөбүз.

Мерсико Кыргызстан уюму менен баасы 1 миллион 250 миң АКШ долларын түзгөн дагы бир долбоорду жүзөгө ашырдык. Ал мектептерде тамактануу программасын жакшыртуунун алкагында болуп, республика боюнча 70тен ашык билим берүү мекемелерине мөмө-жемиш бактарын отургуздук. Долбоор жаңы мөмө-жемиштердин эсебинен балдардын тамактануусун жакшыртууга өбөлгө түзөт.

Бул долбоорлордон тышкары, фонд башка багыттар боюнча иш алып барат. Аларга өзгөчө кырдаалдар учурунда жабыр тарткандарга жардам көрсөтүү, таза суу менен камсыздоо, санитардык шарттарды жакшыртуу жана эмдөө маселелери кирет. Мисалы, бир нече жыл мурун ЮНИСЕФ менен биргеликте кызамык оорусунун көбөйүшүнө байланыштуу кошумча эмдөөлөрдү жүргүзүүгө жардам бердик. 1 миллион АКШ долларына муздаткыч жабдууларын сатып берип, көйгөйдү чечкенге көмөктөштүк.

Өткөн жылдары бир нече маанилүү долбоорлорду жүзөгө ашырдык. Айтсак, Бишкек шаардык тез жардам ооруканасын офтальмологиялык жабдуулар – операциялык микроскоп жана факоэмульсификатор менен камсыз кылдык. Бул көз оорууларынан жабыркаган бейтаптарга операция жасоого жана сокурлуктун алдын алууга мүмкүндүк берет.

«АДРА-Кыргызстан» уюму  менен биргеликте Токмок психоневрологиялык стационарында дагы бир маанилүү долбоорду ишке ашырдык. Анын алкагында 6 күн батареялары орнотулуп, көз карандысыз жылытуу системасы  ишке киргизилип, мекеме ысык суу менен камсыздалды.

Ысык-Көл облустук бирглешкен ооруканасына болсо жүрөк-кан тамыр ооруларын диагностикалоо үчүн эхокардиограф сатып бердик. Бул жергиликтүү тургундарга медициналык жардамды алууну кыйла жеңилдетти.

 

Мамлекеттик органдар менен кызматташуунун натыйжалуулугун кантип баалайсыз?

 

Жогоруда айткандай, биз Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен тыгыз кызматташабыз. Саламаттыкты сактоо министрлиги менен неонаталдык реанимация долбоорун, ал эми Билим берүү жана илим министрлиги менен мектептердеги тамактанууну жакшыртууга багытталган долбоорлорду ишке ашыруудабыз.

Көрсөтүлгөн жардамдар натыйжалуу жана максатка ылайыктуу болуусу  үчүн бардык долбоорлор алгач талкуудан өтөт. Бизге мамлекеттик органдар ар дайым жардам берүүгө даяр. Алар зарыл болгон маалыматтарды берип,  ар тараптуу көмөк көрсөтүшөт. Биз бул колдоону жогору баалайбыз.

 

Ооба, быйылкы жылы бизге бир нече долбоорлорду ишке ашыруу боюнча өтүнүчтөр келген. «Ак Ниет» балдарды коргоо боюнча борбору эмерек сатып алууга жардам көрсөтүү боюнча кайрылды. «Келечек» реабилитациялык борбору азык-түлүк үчүн лифт орнотууга жардам сурады. Ошондой эле «Үмүт-Надежда» балдарды реабилитациялоо борбору да кайрылды. Биз бул өтүнүчтөрдү карап чыгып, мүмкүн болушунча жардам берүүгө аракет кылабыз.

Учурда  реабилитациялык борборлордун жана башка социалдык мекемелерин  шарттарын жакшыртуу боюнча долбоорлорду карап жатабыз.

Биз мамлекеттик органдарга, өнөктөштөрүбүзгө, атап айтканда Германия эл аралык кызматташтык коомуна, ЮНИСЕФ, ЮНФПА, Ага Хан фонду, АДРА-Кыргызстан, Мерсико Кыргызстан уюмдарына кызматташуу жана колдоо үчүн ыраазычылык билдиребиз.

Биргелешкен аракет менен муктаж адамдарга жардам берүүнү уланта беребиз деп үмүттөнөбүз.

https://www.super.kg/kabar/news/446914?fbclid=IwY2xjawG_qypleHRuA2FlbQIxMQABHXEAC0D-1HL-xRozR96pZrVzAhcvVs7umk5VTTQ7XmXKEoS7slXNRirmMg_aem_aToPge_c1aFIKsW9XlsePg