• Кайрымдуулук фонду Эл-Ди-Эс Черитиз

Кыргызстандын саламаттыкты сактоо системасында неонаталдык жардам эң сезимтал тармактардын бири бойдон калууда. Төрөлгөнүнө бир нече саат же күн болгон ымыркайдын өмүрүнө коркунуч жаралса, аны сактап калуу медициналык  жабдыктардын бардыгына, персоналдардын даярдыгына жана клиникалык чечимдердин өз убагында кабыл алынышына байланыштуу болот. Саламаттыкты сактоо системасынын акыркы жылдардагы расмий маалыматтары боюнча, өлкөдө ымыркайлардын өлүмү 1000 тирүү төрөлгөн ымыркайга 13,1 учур туура келет, мындан улам неонатология мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бирине айланган.

Неонатология адистеринин айтымында, ымыркайлардын өлүмүнүн 70 пайызга жакыныперинаталдык мезгилге байланыштуу. Бул топко ара төрөлгөн, ошондой эле дем алуу жетишсиздиги жана гипоксия белгилери менен төрөлгөн ымыркайлар кирет. Бул демек, иш жүзүндө көп учурда натыйжа диагноздун татаалдыгы менен эмес, төрөттөн кийинки алгачкы сааттарда өз убагында жардам көрсөтүлгөнбү жана бул үчүн керектүү ресурстар жеринде болгонбу же жокпу – ошону менен аныкталат дегенди билдирет.

Акыркы жылдары мамлекеттик саясат перинаталдык кызматты чыңдоого багытталды. Перинаталдык борборлордун тармагы кеңейип жатат, жаңы төрөлгөн ымыркайларды кароонун клиникалык протоколдору жаңыланууда, врач-неонатологдорду, акушерлерди жана медайымдарды даярдоого болгон талаптар күчөтүлүүдө. Медициналык колледждердин жана жогорку окуу жайларынын билим берүү программаларына неонаталдык реанимациянын жана ымыркайларды багуунун заманбап ыкмалары киргизилип жатат. Ошол эле учурда биринчи кезекте, төрөт үйлөрүнүн бирдей жабдылбагандыгы жана өзгөчө аймактык мекемелердеги персоналдардын көндүмдөрүн үзгүлтүксүз жаңылап туруу зарылчылыгы менен байланышкан практикалык чектөөлөр да сакталууда.

Мындай шарттарда “Эл-Ди-Эс Черитиз” коомдук кайрымдуулук фондунун ишмердүүлүгү иштеп жаткан системаны даректүү түрдө күчөтүүгө негизделген. Фонд Саламаттыкты сактоо министрлиги жана Неонатологдор ассоциациясыменен өнөктөштүктө иштеп, перинаталдык кызматтын конкреттүү муктаждыктарына көңүл бурат. Артыкчылык катары неонатология тандап алынган, анткени бул багыттагы так чаралар жыйынтыктоочу натыйжа берет.

Акыркы жылдары фонддун колдоосу менен өлкөнүн төрөт үйлөрүнө жана перинаталдык борборлоруна ымыркайлардын дем алуусун колдоо үчүн 20 СИПАП аппараты жана кандагы кычкылтектин деңгээлин тынымсыз көзөмөлдөөгө 35 пульсоксиметр берилди. Жабдуулар Бишкек жана Ош шаарларындагы мекемелерге, ошондой эле Чүй, Ош, Нарын жана Талас облустарынын төрөт үйлөрүнө жеткирилди. Маалына жетпей жана алсыз төрөлгөн ымыркайлардын жашоосунун алгачкы күндөрүндө ушундай техника болсо, алардын абалын турукташтырууга жана оор кесепеттердин тобокелдигин азайтууга мүмкүнчүлүк көбөйөт.

Фонддун негизги ыкмасы – даярдалган персонал болгондо гана техникалык жабдуулар эффективдүү иштейт деген түшүнүк. Ошондуктан, медицина кызматкерлерин практикалык окутуу – иштин маанилүү багытына айланды. Акыркы эки жылда жаңы төрөлгөн балдарды кароонун заманбап стандарттары боюнча 850гө жакын дарыгер, медайым, акушерка жана студенттер билим алды. Окутуу медициналык мекемелерде, өлкөнүн беш облусундагы 31 төрөт үйүндө жүргүзүлдү, бул алынган көндүмдөрдү дароо клиникалык практикага киргизүүгө мүмкүндүк берди.

Аны менен катар улуттук эксперттик база түзүлдү. Неонаталдык жандандыруу боюнча 8 улуттук тренер даярдалды, ал эми 11 медициналык окуу жайынан 145 окутуучу практикалык компетенцияларга ээ болуп, аларды билим берүү программаларына киргизишти. Мындай формат туруктуу натыйжаны камсыздайт жана системанын бир жолку окутуу иш-чараларынан көз каранды болуусун азайтат.

Кошумча элемент катары Бишкек жана Ош шаарларында АКШдан келген адистердин катышуусунда практикалык семинарларөткөрүлдү. Бул иш-чаралар критикалык кырдаалдарда аракеттенүү алгоритмдерин иштеп чыгууга, дем алууну колдоого жана төрөт үйлөрүнүн реалдуу ишине мүмкүн болушунча жакын шарттарда неонаталдык реанимацияны түзүүгө арналды.

Жыйынтыгында, “Эл-Ди-Эс Черитиздин” ишмердүүлүгү перинаталдык кызматтын өнүгүүсүнүн жалпы логикасына киргизилип, системанын эң аялуу компоненттерин күчөтүүгө багытталган. Ымыркайлардын өлүмү Кыргызстандын медицина тармагындагы олуттуу маселелердин бири болуп кала берүүдө, бирок мамлекеттик чаралар менен кесиптик кайрымдуулуктун айкалышы тобокелдиктерди азайтууга шарт түзөт. Төрөт үйлөрү керектүү жабдуулар менен жабдылып, медициналык персонал үзгүлтүксүз практикалык даярдыктан өтүп турса, ымыркайдын өмүрү кокустук факторлордон азыраак көз каранды болот. “Эл-Ди-Эс Черитиздин” өлкөдөгү неонаталдык жардамды өнүктүрүүгө кошкон салымы дал ушунда.