«Эл-Ди-Эс Черитиз» кайрымдуулук фонду Кыргызстанда 2018-жылдан бери расмий иштейт, бирок анын долбоорлору биздин жерде 2004-жылдан бери америкалык уюмдун глобалдык тармагы аркылуу ишке ашып баштаган. Фонддун негизги миссиясы – муктаждарга, айрыкча балдарга, улгайган жана майыптыгы бар адамдарга жардам берүү. Фонд социалдык жана медициналык мекемелерди заманбап жабдыктар менен камсыздайт, персонал үчүн окутуу тренингдерин өткөрөт, өлкөдөгү бардык мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерди колдойт. Алия Гомерсалл, фонддун координатору, уюмдун ишмердүүлүгү жөнүндө айтып берди.
– «Эл-Ди-Эс Черитиз» фонду кантип түзүлгөнүн жана анын негизги миссиясы эмнеде экенин айтып берсеңиз?
– LDS Charities кайрымдуулук фонду – бул биздин республикада 2018-жылы катталган коммерциялык эмес уюм. Чындыгында, иш андан эрте, болжол менен 2004-жылы эле башталган. Биздин өлкөдөгү кайрымдуулук иштери түздөн-түз Америка Кошмо Штаттарынын Юта штатында жайгашкан LDS Charities кайрымдуулук уюмунун глобалдык тармагы аркылуу ишке ашырылган. Ошол убактан бери бүткүл өлкө боюнча долбоорлор ишке ашырылып келет. Фонд расмий түрдө 2018-жылдын 8-октябрында катталган.
Фонддун негизги миссиясы – жардамга муктаж болгондордун баарына кайрымдуулук жардам көрсөтүү. Биз министрликтерден суроо-талаптарды алабыз жана биринчи кезекте Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, Саламаттыкты сактоо министрлиги жана Билим берүү министрлиги менен биргеликте иштейбиз. Ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясына баш ийген же анын жетекчилиги астында турган уюмдар менен кызматташабыз. Бул министрликтердин жетекчилиги бизге алардын мекемелерине жардам көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылышат.
Социалдык өнүктүрүү министрлигинде 17 социалдык-стационардык мекеме бар экенин билебиз жана биз биринчи кезекте жерине барып, алардын муктаждыктарын баалап, демөөрчүлүк жардамды жактыруу боюнча комитетте долбоорду бюджети менен бирге карап чыгабыз. Жардам бере ала турган жана бере албаган негизги профилдерибиз бар. Негизинен бенефициарлардын өздөрүнө – балдарга, карыларга, майыптарга, балдар үйлөрүндө, карылар үйлөрүндө, реабилитациялык борборлордо жашагандарга жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгүнө басым жасайбыз. Жабдуулар менен, мисалы, клиникалар үчүн медициналык жабдууларды, тез жардам машиналарын берүү менен колдоо көрсөтөбүз. Балдар үйлөрү бизге эмерек, ашкана жабдуулары, кир жуугуч жабдуулары үчүн кайрылышат, булар 300гө чейин адам жашаган интернаттар үчүн абдан керектүү оокат. Андан сырткары окутуу тренингдерди өткөрөбүз.
Ал эми жардам бере албай турган жагдай: курулуш иштери, оңдоо, транспорт, керектелүүчү материалдар (мисалы, кир жуугуч порошоктор), тамак-аш жана эмгек акы, ошондой эле мал чарбачылыгы. Негизинен жардам өтө көп сандаган адамдар бенефициарлар болгон мамлекеттик уюмдарга көрсөтүлөт: ири балдар үйлөрү, реабилитациялык борборлор (Сокулук, Токмок, Серафимовка), карылар үйлөрү, атайын муктаждыктары бар аялдар үчүн Жал психотерапиялык үй-интернаты.
– Фонддун ишинин негизинде кандай принциптер жатат? Долбоорлорду тандоодо эмнеге таянасыздар?
– Принцип бенефициарларга натыйжалуу жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгүнө негизделген. Биз мекемелерден суроо-талаптарды алабыз, жерине барып, алардын абалын жана муктаждыктарын баалайбыз, андан кийин бюджетти жана долбоорду бекитүү боюнча комитет менен бирге чечим кабыл алабыз. Биздин жардам эң пайдалуу жана натыйжалуу боло турган багыттарга өзгөчө көңүл бурулат.
– Фонддун колдоосу калктын кайсы топторуна багытталган?
– Биринчи кезекте – балдар, улгайган жана майыптыгы бар адамдар. Негизи багыт болуп балдар үйлөрүнө, карылар үйлөрүнө, реабилитациялык борборлорго жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн мекемелерге жардам берүү эсептелинет.
– Фонддун акыркы жылдардагы эң маанилүү долбоорлору кайсылар жана эмне үчүн?
– Жаңы төрөлгөн балдарга кам көрүү боюнча медициналык персоналды окутууга байланыштуу негизги долбоорлорду белгилесек болот. Америкадан адистер келип, Саламаттыкты сактоо министрлиги жана Кыргызстандын неонатологдор ассоциациясы менен биргеликте тренингдерди өткөрүшөт. Неонаталдык реанимация программасы 2009-жылдан бери ишке ашырылып келет жана анын алкагында, медициналык персонал окутулат, төрөт жана реанимация көндүмдөрүн үйрөтүү үчүн симуляциялык жабдуулар – балдардын жана энелердин манекендери берилет. Ошондой эле ымыркайлардын жана энелердин өлүмүн азайтууга багытталган «Энелердин аман калышына жардам берүү» программасы боюнча тренингдер өткөрүлөт.
2023-жылы эки контейнер, жалпысынан 600 даана майыптар коляскаларын жеткирдик. Адистер социалдык кызматкерлерди коляскаларды колдонууга жана майыптыгы бар адамдардын коопсуз кыймылдоо эрежелерине үйрөтүшөт. Бул билимдер бүткүл өлкө боюнча каскаддык ыкма менен таратылат.