“Эл-Ди-Эс Черитиз” коомдук кайрымдуулук фонду Ош облустук төрөт үйүнө дем алуунун жетишсиздигинен жабыркаган ымыркайларга жардам көрсөтүү үчүн заманбап Бабл-СИПАП аппараттарын тапшырды. Жабдуулар оор учурларда медициналык жардамды өз убагында көрсөтүүгө мүмкүндүк берет, бул өзгөчө маалына жетпей төрөлгөн балдар үчүн маанилүү, анткени алардын дем алуусун тез арада жөнгө салуу зарыл.
Түштүк аймактагы төрөт үйлөрүнүн дарыгерлери жана медайымдары үчүн жаңы жабдуулар менен иштөө боюнча тренингдер уюштурулду.
Практикалык сабактарда жаңы төрөлгөн балдарга медициналык жардам көрсөтүүдө Бабл-СИПАП аппараттарын колдонуу эрежелери түшүндүрүлдү.
Окутууну эл аралык адистер, анын ичинде респиратордук терапевт Дэн Вудхед өткөрдү. Анын айтымында, долбоордун максаты – жабдууларды өткөрүп берүү менен чектелбей, медициналык кызматкерлерди аны ишенимдүү жана сабаттуу колдонууга үйрөтүүдө жатат.
Ал аппарат дем алуусу кыйындаган ымыркайларга өз убагында жардам берүү мүмкүнчүлүгүн кыйла кеңейтерин баса белгиледи.
«Мындай кырдаалдарда балага тез жана туура жардам көрсөтүү өзгөчө маанилүү. Ошондуктан, тренингдин жүрүшүндө катышуучулар аппаратты качан колдонуу керектигин, аны кантип туура туташтырууну жана ымыркайдын абалын кантип көзөмөлдөөнү үйрөнүштү», – деди адис.
Тренингдерге төрөт үйлөрүнүн жана реанимация бөлүмдөрүнүн врачтары жана медайымдары катышты. Катышуучулар жаңы техниканы иш жүзүндө өздөштүрүп, мындай сабактар күнүмдүк медициналык иште өтө зарыл экенин белгилешти.
Ош облустук төрөт үйүнүн реанимация бөлүмүнүн башчысы Минура Мамарасул кызынын айтымында, мындай аппараттар бөлүмдө абдан керек.
Ал белгилегендей, маалына жетпей төрөлгөн ымыркайлардын өз алдынча дем ала албай калган учурлары көп кездешет, ал эми жаңы техника керектүү жардамды өз убагында көрсөтүүгө мүмкүндүк берет.
Ал ошондой эле жабдууларды өткөрүп берүүдөн кем эмес маанилүү нерсе – бул персоналды даярдоо экенин баса белгиледи, анткени аппараттын болушу жана аны туура колдоно билүү – эки башка нерсе.
«Ооруканага күн сайын оор абалда ымыркайлар келип түшөт, ошондуктан заманбап жабдуулар жана аны менен иштөө боюнча практикалык көндүмдөр өзгөчө мааниге ээ. Мындай колдоо реанимация бөлүмүнүн ишин жеңилдетет жана дарылоонун сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөт», – деп жыйынтыктады Минура Мамарасул кызы.
«Эл-Ди-Эс Черитиз» фондунун өкүлү Алия Гомерсалл уюмдун негизги милдеттеринин бири саламаттыкты сактоо системасына практикалык жардам көрсөтүү экенин айтты.
Ал белгилегендей, жаңы төрөлгөн ымыркайларды колдоого өзгөчө көңүл бурулат. Мына, ошондуктан фонд медициналык мекемелерге зарыл жабдууларды тапшыруу жана адистерди окутууну уюштуруу аркылуу жардам берүүдө.
«Бул гуманитардык жардам эле эмес, узак мөөнөттүү натыйжага эсептелген колдоо. Медицина кызматкерлеринин билимин жана практикалык көндүмдөрүн бекемдөө иштин маанилүү бөлүгү болуп саналат», – деп белгиледи Гомерсалл.
Иш-чаранын соңунда катышуучулар мындай колдоо эне жана баланы коргоо чөйрөсү үчүн өзгөчө мааниге ээ экенин белгилешти.
Адистердин пикиринде, жаңы жабдуулар жана практикалык окутуу мөөнөтүнөн мурда төрөлгөн ымыркайларга көрсөтүлүүчү жардамдын сапатын жогорулатат жана алардын өмүрүн сактап калууда маанилүү роль ойнойт.
Тренингдерди «Эл-Ди-Эс Черитиз» фонду Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги жана Кыргызстандын неонатологдор ассоциациясы менен биргеликте уюштурган.