Милосердие Коомунун Башкы президенти Камилла Н. Джонсон, Евразия аймагынын президенти Александр Драчев, «Эл-Ди-Эс Черитиз» коомдук кайрымдуулук фондунун директору Дмитрий Цай жана башка расмий адамдардан турган «Эл-Ди-Эс Черитиз» глобалдык кайрымдуулук фондунун делегациясы Кыргызстанга келди.

Делегация Бишкектеги балдарды реабилитациялоо жана үй-бүлөнү колдоо борборуна барды, ал жерде жетим балдарга жана тубаса майыптыгы бар 7 жашка чейинки балдарга жардам көрсөтүлөт.

«Эл-Ди-Эс Черитиз» кайрымдуулук фонду борбордун өнүгүшүнө салым кошту. Ага өнөр жайлык кир жуугуч жана кургаткыч машиналар берилди, бул балдардын тазалыгына жетиштүү кам көрүүгө мүмкүндүк берет», – деп белгиледи Камилла Джонсон.

«Эл-Ди-Эс Черитиздин» өкүлдөрү ошондой эле Энени жана баланы коргоо улуттук борборуна барышты, ал жерде фонд ымыркайларды жана алардын энелерин колдоого байланышкан долбоорду жүзөгө ашырууда.

Фонд борбордун дарыгерлери колдонгон жаңы төрөлгөн балдарды мониторингдөө үчүн инкубаторлорду жана жабдууларды тапшырды, ошондой эле энелерге колдоо көрсөтөт.
Фонддун Кыргызстандагы долбоорлорунун координатору Алия Гомерсалл «Эл-Ди-Эс Черитиздин» ишмердүүлүгү мамлекеттик мекемелер менен кызматташууга негизделгенин белгиледи.

«Биз Саламаттыкты сактоо министрлиги, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жана Агартуу министрлиги менен иштешебиз», – деди ал.

Сапарынын аягында президент Джонсон Кыргызстандагы гуманитардык долбоорлор уюмдун эл аралык программаларынын маанилүү бөлүгү болуп кала берерин белгиледи. Анын айтымында, саламаттыкты сактоо системасын колдоо, балдарга жардам берүү жана аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү кызматташуунун негизги багыттары болуп саналат. Ишке ашырылып жаткан демилгелер өлкөнүн жашоо сапатын узак мөөнөттүү жакшыртууга жана социалдык инфраструктурасын чыңдоого багытталган.



