«Эл-Ди-Эс Черитиз» фонду Кыргызстанда кайрымдуулук жана социалдык долбоорлордун кеңири спектрин ишке ашырууда. Уюм төрөт үйлөрүнө, ооруканаларга, реабилитациялык борборлорго колдоо көрсөтөт, ошондой эле балдар үйлөрүнө жана интернат тибиндеги мекемелерге жардам берип, алардын материалдык-техникалык базасын жана тарбиялануучулардын жашоо шарттарын жакшыртат.
Кыргызстандагы «Жетим балдардын укуктарын коргоо» фонду «Эл-Ди-Эс Черитиз» менен кызматташа баштады. Учурдагы өз ара аракеттенүү тууралуу фонддун жетекчиси, өзү да мурда балдар үйүндө тарбияланган Игорь Беляев айтып берди.
– “Эл-Ди-Эс Черитиз” кайрымдуулук фонду Кыргызстанда ымыркайлардын жана энелердин өлүмүн азайтуу, балдардын жана чоңдордун реабилитациялык борборлорун жана ооруканалардын техникалык абалын колдоо боюнча бир топ долбоорлорду жүзөгө ашырып келет. Эмнеден улам сиздер аталган фонд менен кызматташууну чечтиңиздер?
– Ооба, биздин “Жетим балдардын укугун коргоо” фонду “Эл-Ди-Эс Черитизге” кайрылып, кызматташууну сунуштадык. Алар дароо макул болушту. Мындай өнөктөштүккө абдан кубанычтабыз. Биздин багыт ата-эненин камкордугусуз калган жана жетим балдарга жардам берүү, шарттарын жакшыртуу болгондуктан, бул жаатта жардамга муктаж болчубуз.
– Сиздердин учурдагы кызматташтыгыңыздар кайсы багыттарды камтыйт? – Кызматташуунун алкагында калктын аялуу катмарын колдоого өзгөчө көңүл бурулууда. Анын ичинде ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жана күнүмдүк жардамга жана камкордукка муктаж жалгыз бой карылар бар.
Ошондой эле, бизде “Баланы тамактандыр” программасы ишке ашырылып жатканын белгилегим келет.
– Ушул боюнча айтып берсеңиз, бул кандай программа?
– Бул демилгенин алкагында биз күн сайын ысык тамак даярдап, атайын пакеттерге салып, ден соолугуна байланыштуу үйүнөн чыга албаган майып балдарга, ошондой эле жалгыз бой карыларга жеткирип турабыз.
Көбү үчүн бул жөн гана тамак эмес – бул камкордук, жылуулук жана жалгыз эместигине ишеним. Биз күн сайын жеткирүүнү камсыздап, адамдарды эң керектүү нерселер менен колдоого аракет кылабыз.
Тамак-аш фонддун ашканасында даярдалып, күн сайын муктаж болгондорго жеткирилет.
– «Эл-Ди-Эс Черитиз» менен кызматташуу канчалык маанилүү?
– Бул кызматташуу учурда даректүү жардам көрсөтүүгө жана өзгөчө муктаж болгондорду колдоого жол ача баштады. Биз өнөктөштөргө ишеними жана бирге иштешүүгө мүмкүнчүлүк бергенине ыраазыбыз.