«Эл-Ди-Эс Черитиз» кайрымдуулук фонду Кыргызстанда көп жылдан бери иштеп келет. Анын иш аракети катардагы гуманитардык жардамдан айырмаланат: ар бир демилге бардык этапты коштойт – муктаждыктарды аныктоодон тартып персоналды жаңы технологияга үйрөтүү жана жабдууларды колдонууну көзөмөлдөөгө чейин. Системалык колдоо өлкөнүн медициналык жана социалдык мекемелелеринин жашоосун жакшы жакка өзгөртүүдө.
– Сиздердин демилгенин шарапаты менен медициналык жана социалдык мекемелердин ишинде кандай оң өзгөрүүлөр болду?
– Фонддун долбоорлорунун акыбетинде эне жана ымыркайлардын өлүмүнүн көрсөткүчүн туруктуу ылдыйлатууга мүмкүн болду. Республика боюнча бардык төрөт үйлөрүндө окуу класстары жана машыгуу зоналары ачылды, бул медициналык кызматкерлерге өз мекемесинен чыкпай туруп, жөндөмдөрүн жакшыртууга шарт түзөт. Үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүлүп турат, клиникалык протоколдор жаңыланат, а эл аралык кызматташтык жардамдын заманбап стандарттарын киргизүүгө жардам берет. Социалдык мекемелерде дагы өзгөрүүлөр бир топ даана сезилүүдө. Жаңыланган от казан, суу чыпкасын орнотуу, заманбап мончо-кир жуучу жана ашкана жабдуулары, жаңы эмерек – булардын баары балдардын, улгайган адамдардын жана майыптыгы бар адамдардын күнүмдүк жашоосунун сапатын жакшыртууда.
– Балдардын, карылардын жана майыптыгы бар адамдардын жашоосун жакшырткан долбоорлорду мисал келтире аласызбы?
– Ооба. Мисалы, Сокулуктагы бардардын психоневрологиялык интернаты жаңы жылытуучу от казан жана килемдер берилгендиктен, бир топ жылуу жана жайлуу болуп калды. Ошондой эле ичүүчү суу үчүн чыпка орнотулган.
Бишкектеги улгайган жана майыптыгы бар адамдардын “Үмүт үйү” социалдык стационардык мекемеси ашкана жана мончо-кир жуучу жабдууларды алды: кесиптик мештерди, камыр жууручу жана идиш жуучу машиналарды, шейшептерди буу менен үтүктөөчү жабдууларды. Бул бир гана кызматкерлердин түйшүгүн жеңилдетпей, ошол жердин жашоочуларына болгон камкордуктун жакшырышына да таасирин тийгизет.
Бишкектеги Белорусская көчөсүндө жайгашкан Атайылыштырылган Балдар үйү азыр толук кандуу мончо-кир жуучу жабдуулар менен жабдылды. Ал эми ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын Краснореченский атайылыштырылган мектеп-интернатындагы эмеректер жана бардык 225 тарбиялануучунун шейшептери жаңыртылды. ДЦП менен жабыркаган балдардын Аксуу реабилитациялык борборуна жаңы, ортопедиялык матрастары менен бир жарым кишилик керебеттер берилди – бул балдар үчүн да, аларды карап жаткан ата-энелер үчүн дагы.
Фонддун өзгөчө сыймыгы – майыптарды майыптардын коляскасы менен камсыз кылуу программасы. Анын аркасында майыптыгы бар адамдар өз алдында эркин кыймылдай алышат, а кээде иштөөгө мүмкүнчүлүк да алышат.
– Фонд өз ишин кандайча уюштурат: жабдууларды жөн эле өткөрүп береби же долбоорлорду дайыма коштоп жүрөбү?
– Биз долбоорлорду башынан аягына чейин коштоп жүрөбүз: мониторинг жүргүзөбүз, коопсуздук техникасынын сакталышын көзөмөлдөйбүз, жабдууларды орнотууга имараттардын даярдыгын баалайбыз, жабдуулар өткөрүлүп берилгенден үч жана алты айдан кийин мекемелерге барып, пайдалануунун натыйжалуулугун текшеребиз. Медициналык долбоорлор боюнча Кыргызстандын неонатологдор ассоциациясынын өкүлдөрү тарабынан төрөт бөлүмдөрүнүн медициналык кызматкерлеринин билимине жана ишине мониторинг жүргүзүлөт. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги аркылуу майыптар коляскаларын бөлүштүрүү да жөн гана техниканы берип коюу менен чектелбейт. Мында социалдык кызматкерлер адамдын боюна, салмагына жана абалына жараша колясканы туура тандоого үйрөтүлөт, андан кийин алар бенефициарларды жана алардын үй-бүлөлөрүн аны үйдө, тепкичте, көчөдө колдонууга үйрөтүшөт. Коляскага болгон муктаждык жоюлганда, биздин өтүнүчүбүз менен аны кайрадан башка муктаж адамга берүү максатында министрликке кайтарып беришет.
– Медициналык жана социалдык мекемелерге кандай технологияларды жана инновацияларды киргизип жатасыздар?
– Биз акыркы технологиялар менен өндүрүлгөн жабдууларды берүүгө аракет кылабыз. Төрөт үйлөрүнө заманбап реаниматорлор жана СИПАП-аппараттар келип түшүүдө. Ошол эле учурда иштөө процессинде жаңы муктаждыктар аныкталып жатат. Мисалы, кээ бир төрөт үйлөрүндө кычкылтекке жетүү мүмкүнчүлүгү жок болчу , азыр бул маселени фонд Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги жана кесиптик ассоциациялар менен биргеликте чече баштады.
– Фонд долбоорлорду ишке ашыруу үчүн кайсы өнөктөштөр менен кызматташат?
– Негизги өнөктөштөрү – мамлекеттик уюмдар: Саламаттыкты сактоо, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция, Билим берүү министрликтери, ошондой эле эл аралык уюмдар: UNICEF, UNFPA, GIZ, M4Health, Mercy Corp International Foundation, ADRA коомдук бирикмеси. Кесиптик бирикмелерден – «Кыргыз Республикасынын неонатологдор ассоциациясы» жана «Кыргыз Акушерлер Альянсы» коомдук бирикмеси.
– Фонд жакынкы жылдарда ишмердүүлүгүнүн кайсы багыттарын өнүктүрүүнү пландаштырылууда?
– Быйыл биз гендердик долбоорлорду колдоону пландаштырып жатабыз. Атап айтканда, аялдардын баш калкалоочу жайларына жана кризистик борборлорго жардам берүү мүмкүнчүлүгү каралууда.
– Фонд Кыргызстандагы аялуу катмардын жашоо сапатын жакшыртууда кандай роль ойнойт?
– Фонд балдардын, карылардын жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын жашоо сапатын мекемелерди заманбап жабдуулар менен жабдуу, кызматкерлерди окутуу жана камкордукка алынган адамдарга түздөн-түз жардам берүү аркылуу бир топ оңдойт. Биздин ишмердүүлүгүбүздүн аркасында энелердин жана ымыркайлардын өлүмүнүн көрсөткүчтөрү төмөндөп, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын өз алдынчалуулук деңгээли жогорулап, балдардын жана карылардын жашоо шарттары жакшырууда.
– Кайрымдуулукка катышкысы келген, бирок эмнеден баштаарын билбеген адамдарга эмне айткыңыз келет?
– Бул абдан жөнөкөй – айланаңыздагыларга көңүл буруп, жаныңыздагыларга жардам берүүдөн баштаңыз. Бул карыларга, кошуналарга, көчөдө, транспортто же дүкөндө жардам берүү болушу мүмкүн, анын ичинде азык-түлүк жана керектүү нерселерди сатып берүү. Андан сырткары сизге жакын жайгашкан интернатка телефон чалып, эмне жардам бере аларыңызды сурасаңыз болот. Кыргызстанда көптөгөн фонддор жана ыктыярчы демилгелер бар, жергиликтүү демөөрчүлүк активдүү өнүгүүдө. Эң негизгиси – жөн гана туруп, иштей баштоо керек. Мындай ишмердүүлүккө кошкон ар бир салым кубаныч жана канааттануу сезимин тартуулайт.