Эреже болуп калгандай, кайрымдуулук фонддору эки моделдин бирине ылайык иш алып барышат: алар же мамлекеттин ресурсу жетишпей жаткан курч көйгөйлөрдү чечишет же жөнгө салынып калган механизмге параллелдүү иштеп, ага эч кандай таасирин тийгизишпейт. Эки учурда тең мындай салымдын натыйжасы көбүнчө кыска мөөнөттүү болот жана долбоор менен чогуу аяктайт. Ал эми “Эл-Ди-Эс Черитиз” кайрымдуулук фондунун мамлекеттик түзүмдөр менен өз ара аракеттенүү модели такыр башкача.
Бул формалдык өнөктөштүк эмес, бул жоопкерчиликти ачык бөлүштүрүү менен биргелешип иштөө. “Эл-Ди-Эс Черитиз” мамлекеттик функцияларды аткарбайт жана башкаруу чечимдерин кабыл албайт. Анын азыркы учурдагы милдети – ресурстар же уюштуруу убактысы жетишсиз болгон маалда иштеп жаткан инфраструктуранын конкреттүү багыттарын күчөтүү.
Мындай ыкманын эң көрүнүктүү мисалы катары Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен майыптыгы бар адамдарды майыптар коляскасы менен камсыз кылуу боюнча кызматташууну, ошондой эле техникаларды, ашкана жабдууларын берүү жана күн жылытуу системаларын орнотуу аркылуу социалдык мекемелерди колдоого алганын айтууга болот. Биргелешкен программалардын алкагында фонд алуучуларга коляскаларды министрлик аркылуу өткөрүп берген. Бөлүштүрүү мамлекет тарабынан түзүлгөн муктаж болгондордун расмий тизмеси боюнча жүргүзүлгөн. Бул нерсе жардамды дароо социалдык колдоонун иштеп жаткан механизмине киргизүүгө мүмкүндүк берди.
Фонд министрлик менен бирге аймактардагы социалдык коргоо башкармалыктарынын кызматкерлери үчүн окутуу тренингдерди уюштурду. Окутуу жергиликтүү жерлерде социалдык кызматтардын адистери тарабынан өткөрүлдү, алар майыптыгы бар адамдар менен туруктуу негизде иштөөнү улантышууда. Мындай формат туруктуу натыйжаны камсыз кылды, анткени аймактык мекемелерге жабдуулардын бар экени эмес, ага болгон жоопкерчиликти жана күнүмдүк колдонуу эрежелерин түшүнүү маанилүү болду.
Жыйынтыгында, жүздөгөн адамдар реабилитациялоо каражаттары менен камсыздалып гана калбай, чечимдер институционалдык жактан бекитилди. Программанын алкагында, майыптар коляскаларын бөлүштүрүү ыкмалары Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин өзүнчө буйругу менен аныкталган. Ушундай жол менен долбоордук чечим туруктуу мамлекеттик практикага айланды.
“Эл-Ди-Эс Черитиздин” Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги менен өз ара аракеттенүүсүндө да ушундай эле модель колдонулат. Неонатология жана медициналык жабдуулар жаатындагы долбоорлор Саламаттыкты сактоо министрлиги жана тиешелүү кесиптик ассоциациялар менен координацияланып ишке ашырылат. Жабдуулар конкреттүү мекемелерге жөнөтүлүп, ал жерде дарыгерлер жана медайымдар окуудан өтүшөт жана практиканы баалоо жеринде гана жүргүзүлөт. Мындай кылуу кайрымдуулук колдоону өзүнчө иш контурларын түзбөй, учурдагы клиникалык процесстерге интеграциялоого мүмкүнчүлүк берет.
Бул моделдин практикалык ишке ашырылышы колдоо географиясында да байкалат. Акыркы жылдары “Эл-Ди-Эс Черитиз” өлкө боюнча медициналык, социалдык жана билим берүү мекемелерине жардам көрсөтүп келди, анын ичинде Бишкек шаарындагы тез жардам ооруканасы (көз травмасы бөлүмү), Каракол шаарындагы Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасы, Бишкек шаарындагы №2 шаардык төрөт үйү жана Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун перинаталдык борбору, Жалал-Абад, Баткен, Чүй облустарынын жана Ош шаарынын облустук төрөт үйлөрү жана ооруканалары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы балдарды реабилитациялоо жана үй-бүлөнү колдоо борбору. Ошондой эле Бишкек шаарындагы кулагы начар уккан жана дүлөй, начар көргөн жана сокур балдар үчүн атайын мектеп-интернаттарга, “Келечек” реабилитациялык борборуна, Ак-Суу, Жайыл, Жалал-Абад жана Токмок шаарларындагы психоневрологиялык мекемелерге, балдар үйүнө жана “Үмүт Үйү” социалдык стационарына да жардам берилди. Өзгөчө багыт катары COVID-19 пандемиясы учурунда Чүй жана Ош облустарынын медициналык мекемелерине ыкчам жардам көрсөтүлдү, анда фонд ооруканаларды медициналык персонал үчүн жеке коргонуу каражаттары менен камсыз кылды.
“Эл-Ди-Эс Черитиздин” ишмердүүлүгү материалдык колдоо менен эле чектелбейт. Медициналык жана социалдык долбоорлордо кадрларды даярдоого, улуттук тренерлерди калыптандырууга жана кесиптик чөйрөдө билим берүүгө ырааттуу түрдө басым жасалат. Мындай ыкма мекемелердин тышкы ресурстарга болгон көз карандылыгын азайтат.
Бул иштин кандай жол менен курулганы да маанилүү. Расмий коммуникацияда биргелешкен жоопкерчилик жана ролдордун так бөлүштүрүлүшү баса белгиленет: мамлекет нормативдик жана башкаруу функциясын сактап калат, а фонд – ресурстук жана эксперттик колдоо көрсөтөт.
“Эл-Ди-Эс Черитиздин” тажрыйбасы кайрымдуулук мамлекеттик социалдык жана медициналык саясаттын ажырагыс бөлүгү боло аларын көрсөтөт. Сөз алмаштыруу же убактылуу алмаштыруу жөнүндө эмес, так жана текшерилген күчөтүү жөнүндө болууда. Бюджет чектелүү жана социалдык жүк көп болгон учурда мындай өз ара аракеттенүү форматы натыйжалуу гана эмес, зарылчылык да болуп калат.